Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Гама да Васко

Гама да Васко, Васко да Гама (1469, Португалия, Синиш 24.12.1524, Индия, Кочин) португалиялык деңиз саякатчысы. Алгачкылардан болуп Европадан Индияга деңиз жолун (1497-99) ачкан. Гама жетектеген экспедиция Африка континентин айланып өтүп, Сомалинин жээгине жеткен. Ал жерден бортко мүчө болуп алынган араб лоцманы кемени Индиядагы Каликут ш-на алып келген. Жолдо ар кандай себептерден каза болуп отуруп, экспедицияга катышкан 168 кишинин 55и гана Лиссабонго кайткан. Гама алгачкылардан борбордук Атлантиканы меридиан багытында кесип өтүп, эч кандай кургактык жок экенин аныктаган. 1502-03 жана 1524-ж. эки жолу Индияга саякат жасаган. 1524-ж. Индиянын 5-вице-королу болуп дайындалган. Адабият: Кунин К. Васко да Гама, 2 изд. М., 1947, Шуливскии Т. А. Три неизвестные лоции Ахмада ибн Маджида, арабского лоцмана Васко да Гамы. М., Л., 1957.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)