Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гагарин Юрий Алексеевич (1934-1968)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Гагарин Юрий Алексеевич (1934-1968)

1961-жылы 12-апрелде дүйнөнү дүңгүрөткөн кабар угулду. Космоско киши учту! Космосто - советтик адам! Адамзаттын жылдыздарга жол салуу жөнүндөгү кылымдардын берки кыялы ишке ашты. Бул жомокту чындыкка айландырган - Юрий Алексеевич Гагарин эле. Анын эрдигине бүткүл планетанын эли суктанды. Анын ысмы бүт дүйнөгө тарады. Бирок бул атак-даңктан кийин деле ал мурдагыдай эле карапайым, ак көңүл, сүйкүмдүү адам боюнча калды. Ал бала кезинен берки көздөгөн максатынан кайтпаган кайратман эрктүүлүк жана тырышчаактыктын натыйжасында космос баатыры болду. Жазында кар кетээри менен балдар батберек учурганда Юра да калкыган кагаз оюнчукту карап, Мен да ушуну менен учсам ээ! - деп кыялданчу. Бирок согуш бактылуу балалыкка кедерги болду.

Согуш азабы Юранын да башынан өттү. Ал Москванын жанындагы кол өнөрчүлүк окуу жайында, анан Саратовдогу индустриялык техникумда окуду. Аэроклубка катышып, парашют менен секирип жүрдү. Оренбургдагы аскердик учкучтар окуу жайын бүтүргөндөн кийин Түндүккө жиберүүнү суранган. Ал жердин катаал шартына карабастан Гагарин көп учуп, бош убактысын дээрлик бүт бойдон өз алдынча окууга жана китепке жумшаган. Убакыт закымдап өтүп жатты.

Жердин жасалма спутигинен кийин космос ракетасы пайда болуп, айдын аркы бетин сүрөткө тартып келди. Космоско учаар күн жакындай берди. Космонавттардын биринчи тобу менен бирге Юрий Гагарин космоско учууга даярдана баштады. Ал сурдокамера, тез чимирген центрифуга, салмаксыздык абалында учуу жана башка сыноолордон ийгиликтүү өттү. Мамлекеттик комиссия Гагаринди тандап алды. Жер шарын 108 минутада толук айланып чыгып, Гагариндин корабли аман-эсен кайрылып жерге конду. Космос доору ушундайча башталды. Гагаринден кийин космоско башкалар да учушту. Биринчи космонавт досторунун кубанычына ортоктош болду, өзү да кайра учууну самап машыгып жүрдү.

Бирок кайгылуу кырсык анын кыска, жаркын өмүрүн үзүп кетти. Ошентсе да космоско туңгуч жол салган бул адамдын изи жерде да, космосто да түбөлүккө кала берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 611, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу