Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Футбол

Футбол байыркы замандан бери келаткан спорт оюндарынын бири болуп саналат. Илгери бул оюнду таптакыр башкача ойношчу экен. Мисал үчүн шаар ортосундагы ачык аянтка эркектер, аялдар жана балдар баары чогулуп алып топту ортого ыргытып, бардыгы жапырт ошого умтула турган. Алардын ар кайсынысы топту өз дарбазасына киргизүү үчүн аракеттенишкен. Бийликтегилер футбол оюнуна каршы болушкан. Бирок футболчулар эч нерседен тайманышкан эмес. Футбол оюну улана берген.

1863-жылы Англиянын Лондон шаарында бир нече спорт уюмдарынын өкүлдөрү чогулуп, футбол оюну боюнча жалпыга бирдей болгон эрежени иштеп чыгып талкуулоого киришкен. Футболдун тарыхы мына ошол жылдан башталган. Ал эми "футбол" деген сөз кайдан келип чыккан? Баарыңар билгендей эле "фут" - бут, "бол" - топ деген англис сөзү. Экөөнү кошкондо "бут тобу" деген маанинин билдирет. Топту бут менен ойнойт. Топту кол менен дарбазачы гана кармайт.

Дүйнө жүзүндө алгачкы футбол клубу 1857-жылдын 20-октябрында Англиянын Шефиллде шаарында курулган. Ушул себептен Англия футболдун мекени болуп эсептелет. Орусияда 1897-жылы Петербургда спорт күйөрмандарынын тунгуч футбол командасы түзүлгөн. 1872-жылдын 30-ноябрында болгон Англия менен Шотландиянын курама командаларынын беттешүүсү эларалык футбол мелдешинин башталышы болгон. Бул беттешүү 0:0 эсеби менен аяктаган.

1926-жылдын октябрында дүйнө жүзүндө эң биринчи ирет футбол оюну жөнүндө радиорепортаж берилген. Белгилүү чех журналисти Иозеф Лауфер күйөрмандарга МТК (Будапешт) - "Славия" (Прага) командаларынын ортосундагы мелдеш тууралуу баяндаган. Советтер Союзунун футболу тууралуу репортаждар 1929-жылдын июлунан тартып бериле баштаган. Москва шаарынын, Украинанын тандалма командаларынын беттешүүсү тууралуу А. Богданова, Б. Рябоконь, П. Савостьянов жана комментатор В. Синявский репортаж жүргүзгөн.

1936-жылы 22-майда Ленинград шаарында футбол боюнча СССРдин чемпионатынын биринчи матчы өткөрүлгөн. Жергиликтүү "Динамо" Москванын "Локомотив" командасы менен беттешкен. Ал эми улуу футболчу Пеленин үйүндө эң эле көп сандаган медалдар сакталууда. Алардын арасына Бразилиянын агартуу министрлиги тапшырган дагы бир медаль кошулган. Бул медаль ага эмне үчүн берилген? Көрсө улуу футболист "Мен Пелемин" деген китеп жазган имиш. Сабатсыз күйөрмандар ал китепти өз көздөрү менен окушуп, сабатсыздыгын жоюшкан.

Эки бир туугандардын футболист болушу көп эле кездешет. Бирок бир эле командада 11 футболист ойноп, дагы төрт бир тууганы запаста отурганын көрдүнүздөр беле? Аргентинанын Лавелле айылында "15 биртуугандын клубу" түзүлгөн. Бул командада үч жуп эгиздердин ойношкону өтө кызыктуу. Ирландияда "Портланд Ровекс" деген футболисттердин өзүнчө клубу бар. Ал клубдун спортчулары ойногон кезде моюндарына кызыл жагоо тагып ойношот. Жагоо тагынып ойногон башка футболчуларды эч жерден көрүү мүмкүн эмес.

Мына ушундай экен достор, көрүшкөнчө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)