Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Фразеологизм

Фразеологизм (гр. – айтылыш, сөз, түшүнүк), фразеологиялык сөз айкаштар – тилдин туруктуу сөз айкаштары же сүйлөмдөр. Фразеологиздин курамындагы сөздөр өздөрүнүн баштапкы түздөн түз, негизги маанисинен ажырап, бир бүтүнгө биригип, ойду курч, элестүү берет. Алар бир тилден экинчи тилге сөзмө сөз которулбайт, которсо мааниси бузулуп кетет. Фразеологизмдерди уюштурган сөздөр туруктуу келет, өзгөрбөйт. Адабиятта жазуучунун оюн жеткиликтүү, таамай берүүдө, чыгарманын таасирдүүлүгүн арттырууда чоң мааниге ээ. Мисалы,

Бал тилимди салайын,

Баарыңарды урдурбай,

Аман алып калайын.

("Эр Табылды")

Мындагы "бал тил" деген сөз айкашы фразеологиялык айкаш болуп саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)