Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Франклин Рузвельт

Франклин Рузвельт 1882-жылы 30-январда бардар γй-бγлөдө туулган . Атасы Жеймс Рузвельт, энеси Сара Делано. Бала чагы Гайд-паркта өткөн, Нью-Йорк штатына караштуу Олбани шаарында. Ата-энеси Европага барган сайын Франклинди жанына алып дайым алып жγрγшчγ. Ошону менен бирге аны чет тилдерин, тарыхты , искуствону жакшы окутуш γчγн γйгө мугалимдерди чакырып окутушчу. 14-жашка чейин γйдөн немец , француз тилдерин , тарыхты , искуствону мугалимдер менен окуп , өз алдынча дагы көп китерди окуган. Маркаларды коллекция кылууга жана денизге саякат кылууга кызыккан, яхтада сγзγγнγ жактырган .1896-жылы ата-энеси Франклинди Бостонго жакын Гротондогу аристократтардын жеке мектебине берген. Ал бараары менен 3-класска отурган. Мектептин программасына: латын, грек , француз, немец тилдери жана тарых кирген. Франклин көптөгөн моралдык принциптерди өздөштγргөн. Алсак ачууга алдырбоо, билим, эмгек, жана чындык менен жγрγгөө γйрөнгөн .1900-1903-жылдары Гарвард университетинин студенти. Ал англис жана француз адабиятын , латын тилин , тарых , оратордук искусство, укук, экономика ж. б. курстарды тандап алган. Окуу мезгилинде студенттердин газетасы менен активдγγ иштешкен жана анын башкы редактору болгон. «Буларга жардам берγγ» фондунун мγчөсγ. 1903 – жылы Гарвард университетинин бакалавр дипломун алып , кийинки жылы Колумбия университетинин юридика мектебине тапшырган .

1905-жылы Элеонорага ( Франклиндин 5- муундагы таежеси,1901-1909-жылдардагы АКШнын президенти Теодор Рузвельтин жээни) γйлөнгөн. Франклин тууганына жеке симпатиясы болгон жана ак γйгө келип аны менен кенешип турган. Кийин өзγнγн саясий тагдыры демократиялык партия менен болсо дагы Теодор менен достук мамилесин γзгөн эмес. Рузвельттин γй-бγлөсγ 7 адамдан турган, аялы , кызы жана 4 уулу болгон. Алар Франклин менен башына тγшкөн сыноосун , кайгы-капасын, жыргалчылыгын тен бөлγшкөн. Э. Рузвельт АКШнын тарыхында презденттин аялы гана эмес , чыгармачыл адам катары дагы белгилγγ. Анын жанындагылардын айтымында , Элеонора кγйөөсγнγн «көзγ жана кулагы» болуп шайлоо компанияларына катышкан, демократиялык партиянын бγтγндγгγн бекемдөөгө жардам берген , Америкада жана чет өлкөлөрдө өз макалалары , китептери менен конференцияларда чыгып сөз сγйлөгөн, аялдар кыймылдарын өнγктγрγγгө өз салымын кошкон. Ф. Рузвельт 1907-жылы юридикалык мектепти аяктаган , мамлекеттик экзаменди тапшырбагандыгы γчγн диплом албай калган.

Нью-Йорктогу юридикалык фирмалардын бирине практикага кирген. Көптөгөн сот иштерине катышып , конфликтик абалдарга көп кабылган .1910-жылы анын саясаттык дебюттук жылы болгон. Себеби жаш юристке Нью-Йорк штатынын легистратурасына башкача айтканда мыйзам чыгаруу уюмуна талапкерлигин коюуну , демократиялык партиянын бир мγчөсγ сунуш кылган. Эртеден кечке шайлоочулар менен жолугуп , өзгөчө көнγлγн мурда республикачыларды колдогон фермерлерге бурган. Акыры алар менен тил табыша алган. Саясаттагы дебюту ийгиликтγγ болуп , 1913-жылы президент В. Вильсон(демократ ) Ф. Рузвельтти аскер-дениз флоту министиринин орун басары кылып дайындайт .7 жылдан ашык 1-дγйнөлγк согштун алдында жана , жγрγшγндө АКШнын аскер-дениз флотун чындоо менен алектенген. Берилген тапшырманы так аткарган жана көп штаттардын саясий чөйрөсγ менен мамилесин γзгөн.1918-жылы узака созулган чет жерлердеги аскер базаларды жана согуштарды кыдыруусун аяктаган. Аскер чөйрөдө тез эле кадыр-барк топтоп, 2 жолу согушуп жаткан армияга жөнөтγγсγн суранган .1920-жылы АКШнын вице-прездентигине талапкерлигин койгон . Ал өзγнγн чыгууларынын биринде төмөндөгγдөй сγйлөгөн: «Биз акчанын саясатка таасир этγγсγнө каршыбыз, биз мамлекттик каржыны жеке адамдардын көзөмөлдөөсγнө каршыбыз , биз адамга товардай мамиле кылууга каршыбыз, биз айлык акынын аз болушуна каршыбыз, биз топтордун жана ураандардын бийлигине каршыбыз».Демократтардын активдγγлγгγнө карабай шайлоодо женилип калышкан. Алардын атаандаштары согуштан кийинки өндγрγштγн өнγгγшγнө кубанып жатышкан. Шайлоодон кийин Ф. Рузвельт Нью-Йорктогу ири финансылык корпорациялардын бирине вице-президент болуп орношкон. 1921-жылдын август айы Рузвельттин γй-бγлөсγ жана жактоочулары γчγн трагедиялык мезгил болгон. Муздак сууга тγшγп келгенден кийин буттары баспай калган , кийин врачтар ага шал(полиомелит) деген диагноз коюшкан. Жакындарынын айтымында физикалык көнγгγγлөрдγ жасоо көп кγчγн алган. Досторунан Джорджия штатында каралбай калган «Уорм – Спринг»(ысык ачкыч) аттуу курорт бар экенин угуп, ал жерге орулууларга курорт , өзγнө кичинекей γй курдурган. Көп машыгуулардын натыйжасында «ысык ачкыч» суусунда сγзгөндγ γйрөнгөн , бирок басуу тилеги ишке ашпай калган. Жанындагыларга алсыздыгын билгизген эмес , ар дайым активдγγ , сγйлөшγγгө даяр болуп , жумушта, жолугууларда оорусуна шылтоолоп женилдиктерди алган эмес. Биснес менен бирге эле коомдук иштерге катышып турган:Гарвард университетинин байкоо кенешинин мγчөсγ, аскер-дениз клубунун президенти, Нью-Йорктогу бойскауттар клубунун төрагасы,«Вудро Вильсон» фондунун негиздөөчγсγ, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрγнө жардам берγγ комитетинин мγчөсγ, Американын географиялык коомунун кенешинин мγчөсγ ж. б.1928-жылы Франклинди демократиялык партиянын лидерлери Нью-Йорк штанынын губернаторлугуна кандидатын коюуну сунуш кылышкан. Шайлоодо 25 мин ашык добуш менен женип чыккан. Анын каршылаштары республикачылар штаттарда жана конгрессте лидерлик орунду ээлеп турушкан. Нью-Йорк демократтардын аралчасы болуп кала берген. Рузвельт шайлоочулар менен тγз сγйлөшγγ методун колдонгон . Аялы менен бирдикте штаттарды кыдырып фермерлер, ишкана ээлери жана жумушчулары , мектептер , ооруканалар менен таанышкан. 1933-жылы 2- мөөнөткө 750 мин добуш ашык алып шайланган. Кызматка орношуп жатканда айткан сөздөрγнγн баары иш жγзγнө ашкан: «Мамлекеттин милдеттеринин бири өзγн ар кандай абалдардан улам бага албай калган адамдарга жардам бериш , бул баардык цивилизациялык мамлекеттерде таанылган , бирок аларга садака катарында эмес коомдук жумуштарды аткаргандан кийин гана жардамды беришибиз керек. Башкарууга жаны адамдарды тартуу зарылчылыгы келип чыккан. Ал Колумбия жана Гарвард университетиндеги профессорлорго , юристерге , экономистерге , айыл-чарба адистерине кайрылып , алар Ф. Рузвельттин «мээ трестин» тγзγшкөн. Рузвельттин 1932-жылы 7-апрелдеги радио аркылуу кайрылуусун анын өмγр баянын изилдөөчγлөр өзгөчө белгилешет:Биз жашап жаткан оор мезгилде , социалдык пирамиданын негизинде, унутта калган адамга ишенген план керек.» Бул сөзγ менен ал Нью-Йорктогу гана эмес , бγткγл өлкөдөгγ боло турган жакшыруу жөнγндөгγ билдирγγсγн айткан. Америкадагы өндγрγштγк жанылануу «улуу деприсиялык» абалды курчуткан. Республикачылардын президенти Гувер: «Аз башкарган бийлик , бул жакшы бийлик деп атаган.» Кайра өндγрγп чыгаруу стихиясы , банк жана биржа спекуляциялары өлкөдөгγ баш аламандыкты кγчөткөн.«Кара бейшемби» деп аталган 1929-ж.4-октябры акциянын баасынын төмөндөшγнө , 10 миллиарддык $ жоготууга алып келген. Ушундай абал чынжыр сыяктуу уланып кеткен.1932-жылы өндγрγштөгγ өндγрγм 1929-жылдын 50% гана тγзгөн. Сатып алуучулук мγмкγнчγлγктγн азайышы жана баалардын төмөндөшγ фермерлерди 12 миллиард долларга карыз кылган. Мин деген фермерлик чарбалар талкаланды жана жумушсуздук көбөйдγ. Жумушчулардын жана ачка адамдардын маршы башталды . Депрессияны «Улуу» деп аташат, өлкө финансылык, экономикалык, социалдык алааматка жакындап калган.1933-жылы АКШ президенттигине Ф. Рузвельт шайланган, ага 22.8 миллион адам добуш берген(Г. Гувер 15.7 миллион добуш алган).Рузвельт АКШнын 32-президенти болгон.1933-жылы 15-февралда Флорида штатынын Майами шаарынын жашоочулары менен жолугуп жатканда теги италиялык Замара аны аткан , бирок ок жанындагы Чикагонун мэри Чермака тийип, ал өлгөн. Замара кармалганда Гуверди өлтγргγсγ келгенин , бирок ал жок болуп ордуна Рузвельтти аткандыгын айткан. Замара өлγм жазасына тартылган , электрошок менен жаза аткарылган.1933-жылы 4-мартта суук жана кγн бγркөк кγнγ кызматка келип , Капитолияда 100 мин америкалыктардын алдында сөз сγйлөгөн:«Ачык айтууга мезгил келди , өлкөнγн ушундай абалга келишине президент жана жумушун билбеген банкирлер кγнөөлγγ» деп эсептеген, эл аны колдогон.

Адабияттар: Новейшая история.-М.,1990год

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)