Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Физикалык химия

Физикалык химия – химиялык кубулуштар жана алардын закон ченемдүүлүктөрүн физ. илиминин жалпы принциптери негизинде түшүндүрүүчү илим. Ф. х. химиялык процесстер жүрүү законченемдүүлүктөрүн, химиялык Теңдештикти, молекулалар түзүлүшүн жана касиеттерин изилдейт. Ф. х. милдети химиялык реакциянын жүрүшүн жана химиялык процесстер негизинде кандай заттар алына тургандыгын алдын ала айтуу. Ф. х. металлургия, химиялык техника, нефтини кайра иштетүү өндүрүшүндө, курулуш материалдарын өндүрүү, айыл чарбасы, медицинада чоң роль ойнойт. Аммиакты синтездөө, күкүрт к-тасын контакттык ыкмасы менен алуу, нефтини крекингдөө, чоюнду алуу жана башка Химиялык өңдүрүштөр Ф. х. Закон ченемдүүлүктөрүнө негизделген. Ф. х. өз алдынча илим катарында өрчүшүнө Н. Н. Бекетов жана Н. Оствальд чоң салым кошушкан. 1865-ж. Харьков университетинде Н. Н. Бекетов тарабынан Ф. х. бөлүмү ачылгандан кийин Ф. х. Россиянын башка университеттеринде да окута башташкан. 1887-ж. Лейпциг университетинде (Германия) В. Оствальд башында турган Ф. х. кафедрасы ачылган жана Ф. х. боюнча биринчи илимий журнал негизделген. Ошентип, 19-к. аягынан баштап, Лейпциг университети Ф. х. өнүгүү борбору болгон. Ошол мезгилде Ф. х. үч бөлүгү – химиялык термодинамика, химиялык кинетика жана электрохим. аныкталган. 19-к Ф. х. негизинен термодинамикалык методдор колдонулушу мүнөздүү болсо, 20-к атом түзүлүшү боюнча физ. жетишкендиктер колдонуунун негизинде Ф. х. мол-р түзүлүшүн, химиялык байланыш жаратылышын изилдөө боюнча чон ийгиликтерге жетишкен. Коссель (Германия, 1916-ж), Льюис (АКШ,1916-ж) химиялык байланыш электрондук теориясын иштеп чыгышкан. Гайтлер, Лондон (Германия,1927-ж) химиялык байланыштын кванттык механика теориясын өрчүтүшкөн. Ф. х. жаңы пайда болгон бөлүктөрү: магнетохим., радиациялык химиялык, жогорку полимерлер физ. хим-сы, газдык электр-хим. жана башка өнүгүүдө. Ф. х. боюнча жүргүзүлгөн ири изилдөөлөр катарында Н. С. Курнаков физ., химиялык анализ боюнча изилдөөсүн, А. Н. Фрумкин электрхим-сы боюнча иштерин, Н. Н. Семенов чынжырлуу реакциялар теориясынын түзүшүн, А. А. Баландин гетоерогендик катализ теориясын иштеп чыгышын белгилеп кетүүгө болот. Ф. х. негизги бөлүктөрү: заттар түзүлүшү, химиялык термодинамика, эритмелер, беттик кубулуштар, электрохим., химиялык кинетика жана катализ, фотохим. ж-дөгү окуулар. Ф. х. өз алдынча илим катары коллоиддик химиялык, электро-хим., кристаллдар химиялык, радиациялык химиялык, физ.-хим. анализ жана башка бөлүнүп чыкты. Ф. х. боюнча изилдөөлөр химияга таандык бардык илимий мекемелерде, Кырг. УИА химия жана химиялык технология ин-тунда жүргүзүлөт. Илимий иштер негизинен металлургиялык процесстер, туз кендерин иштетип чыгаруу, эритмелер, электр разряддары, катализ жана башка багытталган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)