Физика деген эмне

"Физика деген эмне" - бул сөздүн түпкүрү грек тилинен келип, "табият" дегенди түшүндүрөт. Башкача айткандай физика - бул бизди курчаган айлана-чөйрөнүн жөнөкөй жана жалпы табият мыйзамдары, материя, кыймыл-аракет, жөнүндөгү илим. Бул илим баарын камтыган илим болгонуна байланыштуу, эч кандай табият процесстерди физикадан тышкары болбойт. Механика, электр энергиясы, магнетизм, оптика, жылуулук, буулануу баарысы физика менен байланыштуу.

Кээ бир нерселер бирге кадыресе нерсе, мисалы, жердин тартылуу күчү, инерция жана сүрүлүү күчтөрү, суюктуктун кайноосу. Бирок физикадагы кээ бир нерселер бизге түшүнүксүз, аларга электр энергиясы, магнетизм, ар кандай нурлануулар.

Кээ бир ырастоолорду түшүнүү өтө эле кыйын, мисал катары, Альберт Эйнштейндин салыштырмалуу теориясы(теория относительности). Табияттын кандайдыр бир кубулуштарын байкоодо, ал эмне үчүн андай деп суроо бербейбиз, берсек да өтө эле сейрек болот: эмне үчүн кар жаайт, үндөрдү биз кантип угабыз, кандын бизге эмне кереги бар, жылдыздар эмне үчүн түнкүсүн гана көрүнөт, эмне үчүн тайып кеткенде артка, ал эми чалынып кеткенде дайыма алдыга кулайбыз, эмне үчүн автоунаалардын дөңгөлөгү резина, неге жууркандын ичине киргенде жылуу болот, мына ушунунун баары физика илими, физика бул дүйнөнүн жанан анын түзүлүшүн изилдөө илими.

Физика илиминин классикалык изилдөө курсу өзүнөн төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:

Механика. Физикалык процесстерди түшүнүүнүн бирден-бир биринчилери бул кыймыл-аракет негиздерин изилдөө. Булар байкоонун, өлчөөнүн жана математикалык моделин түзүүдө алынган маалыматтардын негизинде пайда болот. Кыймыл-аракет ар түрдүү күчтөрдүн таасиринде болот. Күч-аракет жумшоо - механиканын негизи. Кыймыл-аракетти баяндоодо бизге энергия жана импульс жөнүндө түшүнүк керек болот. Энергиянын сакталуу мыйзамы эсиңиздеби? "Энергия жок жерден алынбайт, жана дайынсыз жок болбойт" - ал жөн гана бир түрдөн экинчи түргө өтөт. Мисалы: Электр энергиясын суудан алууда суунун энергиясы электр энергияга айланат дегендей. Жылуулук жана муздактык биздин күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгү. Эмне үчүн эртең менен жалбырактарга тамчылар туруп калат, космос эмне үчүн муздак, сууктан жылуу жерге киргенде эмне үчүн көз айнек бууланып кетет? Ушул жана башка ушул сыяктуу суроолорго термодинамика жооп бере алат.

Электр энергиясы жана магнетизм бизди табышмактуу физика дүйнөсүнө тартат. Анткени бул физикалык кубулуштардын иш-аракетин түздөн-түз сезүү мүмкүн эмес. Электр энергиясы менен магнетизмди айкалыштыруу менен дүйнө көрүнүүсүнүн негизин түзгөн жарыктыкты ала алабыз. Айтып коюуу керек физиканын көпчүлүк бөлүгү көзгө көрүнгүс дүйнө менен байланышкан. Өзүңөр билгендей эле каалаган зат атомдордон турат эмеспи, аны көз менен көрүү мүмкүн эмес.

Физикалык кубулуштарды изилдөөнүн таажысы катары Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясын айтсак болот. Ананчы! Жарык ылдамдыгына жакын ылдамдыкка жеткенде дүйнө таң калыштуу өзгөрүүлөргө батат: салмак чексиздикке багыт алат; убакыт - токтоп калууга аракет кылат. Космостогу кара тешиктерде эмне болуп жатканын билесиңерби? Ал жакта убакыт менен мейкиндик орун алмашат!

Эң кичине зат эмне жана анын өлчөмү кандай экенин билесиңерби? Ооба, аны биз дагы билбейбиз, мен-мен деген окумуштуулар дагы билишпейт. Бул зат дагы деле аныктала элек. "Физика деген эмне" - физика деген ушундай укмуштуудай, көп кырдуу илим.

Атактуу Никола Тесланын сырдуу тажрыйбалары жөнүндө уктуңар беле? Сибир токоюндагы метеорит жарылуусу, метеорит эмей эле, дал ошол Никола Тесланын иши деген имиштер бар, бул имиш чындыкка абдан жакын.

Физиканын негизги өнүгүү баскычтары:

  • 17-кылымдар Исаак Ньютон тарабынан классикалык механика түзүлгөн
  • 19-кылымда классикалык физиканын калыптануусу бүткөн
  • 20-кылымда физика илиминде революция болуп, илим квант физикасына айланат (М. Планк, Э. Резерфорд, Н. Бор)
  • 1920-жылдарда квант механикасы же микро бөлүкчөлөрдүн ырааттуу кыймылынын теориясы түзүлгөн (В. Гейзенберг, Л. де Бройль, Э. Шредингер, В. Паули, П. Дирак). Ошол эле учурда мейкиндик жана убакыт жөнүндөгү окуу пайда болгон - Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы, физика релятивисттик болуп өзгөрөт
  • 20-кылымдын экинчи жарымында атом өзөгүнүн түзүмү, элементардык бөлүкчөлөрдүн касиеттери, конденсацияланган чөйрөлөр менен байланышкан физиканын кийинки олуттуу калыптануусу жаралат

Физика заманбап техникалардын өзгөрүүсүнө алып келген жаңы идеялардын булагы болуп калды: ядролук энергетика (И. В. Курчатов), квант электроникасы (Н. Г. Басов, А. М. Прохоров, Ч. Таунс), микроэлектроника, радиолокация дегендер физиканын жетишкендиктеринин артынан пайда болуп, өнүгүүгө жеткен.

Учурда физика илиминде: муздак синтез, атомдорду жарык ылдамдыгында кагылыштыруу, эң кичине бөлүкчөнү табуу жана башка ушул сыяктуу тажрыйбалар кызуу жүргүзүлүүдө. "Физика деген эмне" аттуу макалабыз ушундай. Суроолор болсо тартынбай жазгыла жооп беребиз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)