Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Фитокөзөмөл

Фитокөзөмөл (гр. phyton – өсүмдүк) – жугуштуу ооруларды жана айылчарба зыянкечтерин алып кирүүнү, жайылтууну болтурбоо үчүн өлкөгө алынып келинүүчү товарларга, унаа каражаттарына карата атайын мамлекеттик органдар тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдөө-коргоо иш чараларынын комплекси. Уруктар, жемиштер, жандуу өсүмдүктөр жана алардын бөлүктөрү, өсүмдүктөрдүн өзөктөрү, кургак жемиштер жана өсүмдүк түрүндөгү башка жүктөр, ошондой эле карантиндик товарларды орооч катары кызмат кылган ийдиштер Ф-дөн өткөрүлөт. Ф. өлкөнүн аймагына кирген баардык унаа-көөлүктөрүн карантиндик кароодон өткөрүү жана товарлардын тийиштүү тастыктамаларын текшерүү менен ишке ашырылат. КР баардык карантиндеги объекттерди ташып келүүгө жана ташып өтүүгө тийиштүү мамлекеттик органдардын улуксаты менен гана жол берилет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)