Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Финансы деген эмне

Баш барак | Экономикалык терминдер | Финансы деген эмне

Финансы (французча finances — акча каражаттары, акча) — акча каражаттарынын борборлоштурулган жана борборлоштурулган эмес фонддорун бөлүштүрүү жана колдонуу процессинин калыптануусунда пайда болгон экономикалык мамилелердин жыйындысы.

Жөнөкөй сөз менен айтканда финансы — бул мамлекетте, компанияларда жана физикалык жактарда болгон акчалардын, активдердин жана ресурстардын жыйындысы.

Финансы деген эмне

Финансы деген эмне? Финансы акчадан эмнеси менен айырмаланат? Сиз бул суроого так жооп бере аласызбы? Көпчүлүк адамдар муну биле беришпейт, мындай түшүнүктөр олуттуу айырмаланышса да, окшош дешет, же жооп берүүдө кыйналышат. Ошондуктан, бүгүн финансы деген эмне экенин жөнөкөй сөз менен айтып беребиз. Бул угуп эле жүргөн, бирок азырынча толук түшүнбөгөн термин.

Ошентип, эгер биз, сөздүктү карап көрсөк, андан финансы деген сөздүн болжолдуу аныктамасын табабыз.

Башында айтылгандай эле, финансы — ар кандай акча фонддорун колдонуу, бөлүштүрүү, түзүү процессинен келип чыккан экономикалык мамилелердин жыйындысы.

Бул аныктамада көрүнүп тургандай финансы деген түшүнүк акчадан да кененирээк: акчадан акча фондду түзүлөт, ал эми алар курулганда, бөлүштүрүлгөндө, колдонулганда финансыны пайда кылат.

Финансы деген эмне экенин жөнөкөйлөтүп, оңой эстеп калуу үчүн, бул аныктаманы болгону үч сөз менен айтсак болот: финансы — кыймылдагы же жүгүртүүдөгү акча.

Эсиңизде болсун: дүйнөлүк масштабдабы, мамлекеттин алкагындабы, ишканадабы, чарбачылыктын кайсы бир субьектиндеби, жеке адамбы же үй-бүлөгө чейинби, финансынын мына ушул аныктамасындагыдай эле, каалаган финансылык тутум түзүлөт.

Акчаны иштеп тапса жана сарптаса — акча. Качан алар акча фонддун түзүп баштаса, бөлүштүрүлсө, эсепке алынса, багытталса — анда акча финансыга айланат.

Биз, дүйнөлүк финансы тутуму, мамлекеттик финансы, ишкананын финансысы жана башка ушундай сөздөрдү көп угабыз. Эстеп коюңуз, кеп акча жөнүндө эмес, финансы жөнүндө, тактап айтканда, бөлүштүрүүдө, ар дайым кыймылда болгон акча жөнүндө болуп жатат.

Эгерде мамлекет же ишкана финансыны эмес, жөн эле акчаны пайдаланса, анда жан бага албайт. Элестетиңиз, мамлекетке баш аламан акча түшүп, баш аламан жумшалса, ал мамлекет көпкө жашай алабы? Ошон үчүн, бул тутумду башкарган финансы, финансы тутуму жана көптөгөн финансисттерди, экономисттерди, бухгалтерлерди керектөө келип чыгат.

Ар бир мамлекетте, анын ар бир субьекттинде, ар бир ишканада өзүнүн акча фондусу бар, ага түшкөн акча жыйналат, бөлүштүрүлөт, өзүнүн белгиленген максаты боюнча сарпталат. Финансы алардын жашап кетүүсүнө, өз функцияларын аткарууга, киреше иштеп табууга мүмкүнчүлүк берет. Киреше болсо, өз кезегинде күнүмдүк керектөөгө пайдалануудан сырткары да, андан ары модернизациялоого, жакшыртууга, өсүп–өнүгүүгө бөлүштүрүлөт.

Эми финансы деген эмне экенин билгениңизден кийин, бул терминди жеке өзүңүзгө, же үй–бүлөңүзгө колдонууну көптөн–көп сунуш кылат элек. Мындайча айтканда, эми сиздин акчаңыз эле эмес, жеке финансыңыз да болушу керек, аны толуктап, фондго бөлүштүрүп, эсептеп, жыйнап, максаттуу колдонуп турасыз.

Сиз качан акчага финансыдай мамиле кылсаңыз, сиздин жеке жана үй–бүлөлүк бюджетиңизди толуктоо жана сарптоо улам барган сайын абдан билгичтик менен ойлонулуп иштелген болот, демек, финансылык абалыңыз жакшыра баштайт.

Эмне үчун мындай болот? Маселени чечүү жолдорун бөлүп көрсөтөлү:

Эң башкысы, финансы деген эмне экенин практика жүзүндө жакшы өздөштүрсөңүз, андан ары глобалдуу, маанилүү түшүнүк капиталга өтсөңүз болот, бирок бул башка тема.

Сизде, финансы деген эмне, ал жөнүндө туура ой–пикирлер жаралды деп ишенем жана бул түшүнүктү өз турмушуңузга киргизүү маанилүү экенин билдиңиз. Эми акчаңызга финансыдай мамиле кылып баштаңыз.

Жайгаштыруу: 2019-02-19, Көрүүлөр: 13958, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-10
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо