Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Фенол-формальдегид чайырлары

Фенол-формальдегид чайырлары, полиметиленфенол — фенол менен формальдегид поликонденсацияланышынан пайда болгон синтет. чайырлар. Ф-ф. ч. сапаты катализаторго жана фенол менен формальдегид молярдык катнашына көз каранды. Реакцияга кирген заттар санына жана катализаторго жараша реакциядан термореактивдик чайыр — резол алынат. Алардын мол. масс. жакын келет. Резолду ысытканда поликонденсация кайрадан уланат да, полимерлер мол. масс. чоңоюп, көлөмдүү полимерлер пайда болот. Полимерлешүү даражасынын өсүшү менен балкып эрүүсү азаят, суюктукка айлануу, эриткичтерде көбүү жана ысытканда илээшкек абалына өтүү касиеттери жоголот. Поликонденсациянын аягында пайда болгон заттар резит деп аталат. Алар эрибейт жана ысытканда жумшарбайт. Фенол менен формальдегидди поликонденсациялоодо фенол ашык болсо, процесс кичине мол. масс полимер бирикмелери пайда болуу стадиясында эле токтолот. Алынган полимер новолактар деп аталат. Резол эритиндилери түрдүү күкүмдөр, була, кагаз, ткандар жана башка желимдөөдй колдонулат. Эриткичтер бөлүп алгандан кийин волокнит, гетинакс, текстолит, катмарланган жыгач тактайлар жана башка материалдар алынат. Алардан машина жана прибор түрдүүтетиктери, түтүктөр, кайык, кеме, машиналар корпустары, химиялык ө. ж-на керектүү аппараттар жасалат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)