Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (екөб)

Европалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (екөб) – адистештирилген эларалык экономикалык уюм. 1991-жылы ырасмий түрдө ачылган. Европа Бирлигинин өлкөлөрүн кошкондо, ага 60 өлкө катышат. ЕКӨБдүн максаты – Чыгыш Европада демократия менен базар экономикасынын калыптанышына шарт түзүү. ЕКӨБ экономиканы өнүктүрүү керектөөлөрү үчүн жеке жактарга да, мамлекеттик тармактарга да зайым берет. ЕКӨБ кайрымдуулук иштерин жасабайт, жалаң гана коммерциялык баштапта иш жүргүзөт. Дайындуу долбоор боюнча максаттуу гана кредит берет. Максаттуу кредиттерден сырткары, түз чет жактык каражаттарды жайгаштырат, ошондой эле техникалык жардам көрсөтөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)