Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ)

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) - эл аралык уюм.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун башаты 1973-жыл эсептелет.

Европалык коопсуздук боюнча сүйлошүүлөр 1950 жылы жургузулуп башталган, бирок "суук согуштун" айынан токтотулуп калган, андан киин 1972 жылы сүйлошүүлөр Хельсинкиде уланган. Бул сүйлошүүлөр Советтер союзунун сунушу боюнча жүргүзүлгөн, алар чыгыш Европодагы коммунистик өлкөлөргө колдоо көрсөтүүнү каалашкан. Батыш Европада бул сүйлөшүүлөрдү коммунистик калктардын экономикалык кызматташтыгы жана гуманитардык жактан жакшыртуу катары көргөн.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму 1973-жылы 3-июльда Хельсинкиде ачылган, анда 35 өлкөнүн делегаттары катышкан. 1-бөлүк 5 күнгө созулуп, анда "көк китеп" боюнча жүрүү макулдашкан. 2-бөлүк 1973-жылдын 18-сентабрынан 1975-жылдын 21-июльуна чейин созулган. 1975-жылы 1-августта "Финляндия холлдо" 3- бөлүк болуп өткөн, анда Хельсиндик 2- бөлүк жыйынтыктоочу акт болуп, ага 35 өлкөнүн делегаттары кол коюшкан. Аны конференциянын председатели, дипломат кардинал Агостино Казароли ачкан.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму дүйнөдөгү коопсуздук боюнча чон уюмдардан болуп эсептелет. Анын максаты куралдуу күчтөрдү контролдоо, жарандык укугун коргоо, эркин сүйлөө жана таза шайлоо болуп эсептелет. Коопсуздук жана Европалык кызматташтык уюму Бириккен Улуттар Уюмунун атайын уюму болуп эсептелет, жана конфликтик, кризистик, постконфликтик реабилитациялоо боюнча иш жүргүзөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)