Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Еврейлер

Еврейлер (өздөрүн йегудим, идн деп аташат) – эл, Израилдин негизги калкы. АКШ, Франция, Россия, Украина, Улуу Британия, Аргентина, Канада, Бразилия, Беларуссия, Венгрия, Бельгия, Италия, Нидерланд, Германия, Молдавия, Иран, Мексика, Австралия, Швейцария, Румыния, Индия, Түркия, Уругвай, Чи­ли, ТАРда да жашашат. Жалпы саны 13,3 млн киши, анын ичинде Израилде 5,4 млндой (2006). Еврейлер иврит, идиш, ошондой эле жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тилинде сүйлөшөт. Негизинен иудаисттер. Еврейлер диаспорада ашкеназ жана сефард болуп бөлүнүп, 2-дүйнөлүк согуш алдында ашкеназдар калктын 90%ин түзгөн. Еврей этносу биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта Ханаан (азыркы Израиль) аймагында калыптанган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта байыркы еврей мамлекеттери – Израиль жана Иудея падышалыктарын Ассирия (биздин заманга чейин 722-ж.) жана Вавилония (биздин заманга чейин 586-ж.) багындырган соң, еврейлер дүйнө жүзүнө жер которуп, тарап кеткен. Еврейлердин бир бөлүгү Ж. Чыгыш, Түндүк Африка жана Түштүк Европа, анын ичинде байыркы түрк мамлекети Хазар кагандыгынын аймактарына отурукташкан. Орто кылымдарда еврейлер Европа менен Азия аймактарына көчүп келип, жергилитүү калктар менен аралашса да, өздөрүнүн динин, маданий-тиричиликтик өзгөчөлүктөрүн сактап калган. 2-дүйнөлүк согуш убагында гитлерчилердин еврейлерди кырып-жоюуга багытталган саясатынын негизинде 6 млн чамалуу еврейлер набыт болгон. Согуштан кийин европалык еврейлердин көпчүлүгү АКШ жана башка өлкөлөргө кетүүгө мажбурланган. 1948-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча Израиль еврей мамлекети түзүлгөн. Шаар жериндеги еврейлер дубал менен курчалган кварталдарда (гетто, жудерия, меллах, махалля) жашашкан. Еврейлердин синагогия ибадатканасы, ырым-жырым мончосу (миква) болгон. Эркектер туника типтүү көйнөк, кара шым, дуба окууга ылайык саймаланган костюм (талит, талес, арбаканфес), узун чапан, кафтан (лапсердак), башына атайын баш кийим (кипа, ермолка) кийип, маңдайына бир тутам чач өстүрүп, сакал коюшат. Аялдар башына кепчач киет. Тамак-ашы – негизинен ун, балык, куш эти. Еврейлер 19-кылымдын 2-жарымында, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Учурда өлкөбүздө 1,5 миң еврей жашап, ар кайсы тармакта эмгектенет. 1990-ж. Кыргызстан Еврей маданият коому – «Менора» (демилгечи Эсфирь Серебро, 1996-жылдан төрагасы Б. М. Шапиро) түзүлгөн. Еврей мектептери, «Хэсэд Тиква» фонду, синагогия коому иштеп, «Мааян» гезити чыгарылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)