Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эстетикалык тарбия

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Эстетикалык тарбия

Балдарды эстетикалык жактан тарбиялоо эстетикалык сезимин, көркөм сезимдерин жана ар тараптуу чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Ал үй-тиричиликте, эмгекте, ошондой эле окууда иш жүзүнө ашырылат жана искусстводогу, эмгектеги, жаратылыштагы жана күндөлүк турмуштагы сулуулукту түшүнүүгө жардам берет. Эстетикалык жактан тарбиялоонун милдеттерине балдарды айлана-чөйрөдөгү жат көрүнүштөргө, жаман кылык - жоруктарга чыдамсыз мамиле жасоого үйрөтүү, ошондой эле искусстводогу ар түрдүү жасалмалуулуктан чыныгы көркөм чыгарманы ажырата билүү кирет. Эстетикалык тарбиялоонун дагы бир милдети, адамдардын мамилелеринин сулуулугун, жүрүш-турушунун эстетикасын сезгенге үйрөтүү. Жаратылыштын сулуулугу эстетикалык жактан балдардын сезимин ойготууга чоң таасирин тийгизет. Ата-энелер токойдун, көлдүн, чымчыктардын ж. б. жан - жаныбарлардын үнүн угууга, ага суктанууга түрткү берет.

Балдардын эстетикалык жактан сезимин жана кубанычын өстүрүп жана калыптаныш үчүн искусствонун түрлөрүн пайдаланса болот. Ал үчүн атайын балдарга арналган музыкалык чыгармаларды, спектаклдерди, көргөзмөлөрдү колдонсо болот. Жаратылыштын көрүнүштөрү жана сүрөт өнөр менен тааныштыруу балдардын байкоосун өсүп - өнүктүрөт да, балада эстетикалык сезим пайда болот. Мына ушул эстетикалык сезимди өркүндөтүү үчүн балдар менен сүрөт тартуу, пластилинден жана башка материалдан бир нерсе жасоо жана көркөм адабияттарды окуу керек. Балдарды эстетикалык жактан тарбиялаганда анын өз алдынча иш аракет жасоосу зарыл. Балдарды кол өнөрчүлүккө катыштырып үйрөтсө баланын активдүүлүгү күчөйт. Ар бир ата-эненин кандайдыр бир кол өнөрчүлүк шыгы бар. Эгерде бала менен бирге кандайдыр бир жасалгаларды даярдаса, ал эмгек жактан гана эмес эстетикалык жактан жакшы тарбия алат.

Балдарды эстетикага тарбиялоодо коомчулукта майрамдоочу майрамдын да мааниси бар. Ата - эне ар бир майрам жана андагы окуялар жөнүндө кызыктуу аңгемелерди айтып берүүсү дурус. Майрамды өткөрүүдө ата-эне искусствонун түрлөрүн колдонсо болот. Үйдү кооз жабдып, балдарга көркөмдүү, кооз кийимди кийгизип, аларды ырдатып, бийлетип, музыкалык оюндарды уюштуруп майрамды өткөрсө балдар майрамды салтанаттуу, кубанычтуу абалда кабыл алып майрамдык сезимди эч качан унутпайт. Эстетикалык тарбия балдардын сезимине адептүүлүк жактан да таасир көрсөтөт. Чыныгы искусство менен тааныштыруу, адамдардын өз ара оң мамилелерине түшүнүү адепсиздикке жол бербейт.

Балдардын эстетикалык тарбияланышына ата-эненин жүрүш-турушу, кийген кийим - кечеси, кызыгуулары чоң таасир тийгизет. Эгерде ата-эне сулуулуктукка умтулбаса, искусство, театрды жакшы көрбөсө, эчтекеге кызыкпаса бала аларга окшош болуп чоңоёт.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 7176, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо