Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эстебес Турсуналиев

Баш барак | Биографиялар | Эстебес Турсуналиев

Эстебес Турсуналиев1931-жылдын 5-майында Талас облусунун Манас районуна караштуу Кайыңды (башка булактар боюнча Кара-арча, Арал айылдары) айылында туулган. Атасы Турсуналы жакшы комузчу болгон, ал эми энеси Арпаян аңгемечи, кошокчу болгон. Тогуз жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, они эки жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароо-сынактарга катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим-тарбия алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонокул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Бир нече ыр китептердин автору. Кинофильмдерге тартылган. Комуз күүлөрүн да жакшы билет. Эпостордон үзүндү айтат. Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты. "Ардак Белгиси" ордени жана медалдар менен сыйланган. 1939-1946-жылдары Арал орто мектебинде окуп, өздүк көркөм чыгармачылыкка катышкан. 1946-жылы элдик акын жана төкмө акын Алымкул Үсөнбаев жөндөмдүү баланы байкап калып, аны Фрунзе шаарын алып келген. 1947-жылы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын артисти кыргыздын белгилүү ырчы, төкмө акындарынын шакирти болот, алар: Карамолдо Орозов, Алымкул Үсөнбаев, Ибрай Туманов, Атай Огонбаев, Калык Акиев, Исмаил Борончиев жана башкалар болгон. Алар менен бирге сахнага чыгып жүрүп Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарына барат. Филармониянын жетектөөчү солисти, кыргыз элинин фольклордук ырларынын аткаруучусу болгон. 1976-жылы "Эл шайырлары" фольклордук тобун түзүп, ал топ менен Индия, Бельгия, Швеция, Франция, Япония жана башка өлкөлөргө гастролдоп барышат. Ошондой эле Кыргыз Улуттук Консерваториясында педагогикалык иштерди да алып барган, профессор болгон. Адабий чыгармалардын автору. 1950-жылдан бери басылып чыгып турган. Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин ошондой эле 1967-жылдан тарта СССР жазуучулар бирикмесинин мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи чакырылышынын депутаты.

Алтымышты эбак аттап өтсө да,

Азырынча астына ат салбаган.

Аттын оозун коё берип алганда,

Арт жагынан тозоң бургуп чаңдаган.

Жеп жатса да жетимиштин тамагын,

Жез туягы аликүнчө кетилбей.

Түк чаалыкпай чуркаганы чуркаган,

Тулпар аттын алты асый кезиндей.

Чарчап калбай өйдөлөгөн өр жолдо,

Чапкыч аттай чамдаганы чамдаган.

Эстекеңе эми токтот дебесең,

Ээ-жаа бербей талбаганы-талбаган.

Баштагыңдан ырларыңды төгүп жүр,

Башкага да көңүлүңдү бөлүп жүр.

Балтыр эти жаңы өскөн балдарга,

Байкоо салып, ак батаңды берип жүр.

Бир башымда толгон-токой өнөр бар,

Бирок дагы колдон келбейт төкмөлүк.

Улам жашың кетип барат өйдөлөп,

Ушу өнөрдү мага бергин өткөрүп.

(Казакбай Абдышев)

Жубайы - Райкүл. Сегиз баланын атасы. Балдары: Съездбек, Насыпбек, Эркинбек, Таалайбек, Толкун, Нурдин, Айнура, Нурлан.

Эстебес Турсуналиев 2005-жылдын 11-октябрында дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы:

Кыргызстанда популярдуу болгон түркүн жанрдагы ыр чыгармаларынын автору. "Терме" аткаруу стилин мыкты билип, анын аткаруусу укмуштуудай көркөм болгон. Бир нече жолу эпосго кайрылып, "Манас" кээ бир эпизодторун айтып сахнага чыгып турган. Сегиз китептин автору. 1952-жылдан тарта Т. Тыныбеков менен биргеликте комуз менен ырдалуучу айтыштарды жазган. Биринчи "Акындын үнү" поэтикалык жыйнагы 1960-жылы басылып чыккан.

Сыйлыктары:

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти - 1964-жыл

Кыргыз ССРинин эл артисти - 1972-жыл

СССРдин эл артисти - 1988-жыл

Казахстандын эл артисти - 1994-жыл

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сыйлыгы - 1974-жыл

"Ардак Белги" ордени

1-даражадагы "Манас" ордени - 2001-жыл

"1941-1945-ж. Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн" медалы

"Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнө 100 жылдыгындагы каарман эмгеги үчүн" медалы

Эл аралык ички байлыкты кайра жаратууга көмөктөшүү ассоциациясынын "Руханият" сыйлыгы - 1999-жыл

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары.

Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 2165, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу