Эскиздүүлүк

Эскиздүүлүк (французча esquisse) – көркөм чыгарманы жана анын деталдарын аткаруудагы тездик, жыйынтыктуулук, болжолдуулук. Термин аз иштетилген эскиздин сырткы өзгөчөлүктөрүнөн чыккан, бирок ал өз алдынча мааниге ээ чыгармаларга да таандык. Аны бир гана техникалык өзгөчөлүктөр менен ыкмаларга колдонбостон (мисалы, сүрөт тартуунун ашыкча «кеңири» манерасында), ошондой эле сүрөтчүнүн аягына чейин жеткирилбеген негизги идеясын түшүндүрүү үчүн да колдонушат. Өз алдынча болууга эсептелген ар бир реалисттик чыгармада Э-түн белгилеринин болушу эң чоң жана орчундуу кемчилик болуп эсептелет жана чыгарманын эң маанилүү көркөм жетишкендиктерин жокко чыгарышы мүмкүн, көбүнчө (айрыкча натура менен иштөөдө) аларда импрессионисттик багыттар менен ыкмалардын калдыктары айтылып калат. «Импрессионизм» жараткан сүрөт тартуунун «принципиалдуу» Э-гү көркөм маданияттын начарлашынын күбөсү жана живопистин максаты менен каражаттарынын бузула баштаганын көрсөтөт. Этюд менен салыштыр.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)