Эшектин жүгөнү

Кудуктун жанында Апенди эшегине чакадан суу берип турса, эшеги тумшугу менен Апендинин калпагын ыргыта түртүп, калпагы кудукка түшүп кетет. Апенди ошо замат эшектин жүгөнүн башынан сыйырып алып, кудукка ыргытып ийет. - Бул эмне кылганың? - деп, андан бирөө сураса, Апенди: - Жүгөндү алам деп кудукка түшкөн киши калпагымды ала чыгат да, - дептир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)