Эшекке болушканы

Апендинин бир алыш-бериш досу бар экен, айылчылап келип калат. Ээрден түшөөр замат эшегин карсылдатып сабап кирет: - Арам өлгөн доңуз! Ушундайыңдан эшек болуп, жепирейип калгансың да! Канжыгаңа тиркилдеп эчтеме байлатпай койдуңбу! Сен ошентип эшектик кылбаганда, досумдун алдында жер карабай, айылдан бары-жоктун баарын артына келбейт белем! - деп. Анда Апенди: - Кой, эшекти сабаба - деп, арачалай кетет. - Айылынан кур келсе, быяктан деле кур кетет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)