Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Эшек кубулганда

Бир күнү Апенди эшегин жетелеп алып, жолдо талыкшып келатканын жоон топ көпкөн жигиттер көрүп, эшегин байкатпай чечип салалы деп акылдашат. Жигиттердин бири айтат: - Бу жагын мага койгула, - деп. - Эшек колуңарга тиер замат базарга жеткиле да сатып көзүн тазалагыла. Ушуну айтып ал Апендинин артынан жетет. Акырын эшектин башындагы жүгөнүн шыпырып, өз башына салат да Апендинин жетеги менен кыдыйып басып алат. А беркилер болсо эшектин эсебин тапканы базарга жөнөйт. Апенди жүрүп-жүрүп отуруп, бир маалда артына кылчайып, эшегинин ордунда киши келатканын көрөт да: - Сен кимсиң? - деп сурайт. - Эшекмин, - дейт тиги желмогуз. - Кезинде адам болчумун.

Бала чагымда эне-атама запкыны көп көрсөткөнүм үчүн каргыш тийип, эшек болуп калгам. Ошондон бери колдон колго сатылып жүрүп, акыры өзүңө буюрдум. Азыр сен мени жетелеп келатканда, эне-атам мени тааный калып, мага боор ооруп кетишти окшойт, кудайга жалбарып, келме келтирип жиберишти эле, мен кайра киши кейпиме келип калдым. Апенди аң-таң болуп, көпкө дейре эмне дээрин билбей сакалын сыйпалап турат да, акыры мындай дейт: - Айла канча, таң калганда эмне, таң калбаганда эмне, турмушта мындай окуялар болот. Ошондо да ушунча элдин ичинен мага туш келгениңди карабайсыңбы! Бар эми, уулум, бара гой, мындан ары эне-атаңды сыйлап жүр. Ошентип Апенди тиги немени жолуна салат. Өзү болсо жаңы эшек сатып алганы базарга барса, өз эшеги турат. Далдалчы жаңы эле аны ортого жетелеп чыгып, баасын быча баштаган экен, Апенди акырын эшегинин жанына келип, узун кулагына минтип шыбыраптыр: - Баягы эшек кейпиңи кайра кийипсиң, эне-атанын каарына дагы калгансың го. Кантебиз, көнгөн акырыңа алпарып байлайын, сыягы киши болуш сенин колуңан келбейт окшойт.

- дептир да Апенди эшегин жетелеп кетиптир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)