Эрте жаш курактагы жазы иш-аракеттин түрлөрүнүн пайда болушу

Эрте жаш курактын аягында иш-аракеттин жазы (оюн, иш-аракеттин продуктивдүүлүгү) түрлөрү түзүлөт да, алар психиканын өнүгүүсүнүн шарттары катары каралат. Оюн баланын иш-аракетинин өзгөчө формасы болгондуктан коомдо баланын өзгөрүшүнө байланыштуу өзүнүн өнүгүү тарыхына ээ. Коомдун эз алгач өнүгүү доорунда таякчаны пайдаланып анын чогултуу аракеттин негизги жолу болгон. Бала чоздордун иш-аракетин, азык даярдоонун практикалык жолун өздөштүргөн, мындай эмгек иш-аракетинде оюндун элементи пайда болгон деп аныктоо мүмкүн эмес. Азчылыктын пайда болушу менен чоздор балдар үчүн кичирээк аспап даярдашат. Балдардын жашына ылайык оюнчук аспаптардын көлөмү өзгөрөт. Коомдо баланы эмгекке даярдоонун зарылчылыгы пайда болгондуктан, көнүгүү, мелдеш оюндары уюштурулуп, чоздордун жетекчилиги менен балдар аспаптарды пайдалануунун ыкмаларын өздөштүрүшкөн.

Эмгек аспаптары балдарга ылайык оюнчук түрүндө иштелип чыгып, мунун негизинде коомдо оюндун жазы түрү – ролдук оюн пайда болгон. Балдар өз алдынча биргелешип чоздордун эмгек иш-аракеттин чагылдырган оюндарды ойношкон. Эрте жаш куракта заттар менен аракеттенүүдө ролдук оюндун өбөлгөсү пайда болот.

Бир жаштын аягында оюн иш-аракетинин элементинин пайда болушу байкалат. Бул куракта алар оюнчукка караганда заттарды бөлүп карайт: чыны, кашык ж. б. заттын маанисин өзгөртпөйт. Алгачкы оюндун мазмуну эки-үч аракет менен чектелет. Мисалы, куурчакты уктайт, таптайт, кийинчерээк чоз кишилердин бала менен болгон аракеттин башка заттар, оюнчуктар менен ойногондо туурайт. Куурчакты жуунтат, жетелейт, сүйлөшөт.

Эки жашар бөбөктө оюнчук менен бирге ар кандай заттарды пайдаланууда анын өз алдынчалыгы байкалат. Эрте жаш куракта балдар заттар менен аракеттенип, кийин оюнда заттын маанисин баамдайт. Алардын оюн иш-аракети кезири өнүкпөйт, бирок оюндун калыптаныш өбөлгөсү пайда болот.

Эрте жаш куракта оюн аракетинде чоз кишилердин аракетин кайталоо, заттарды оюнчук катары пайдалануу, эки-үч аракетти чагылдыруу мүнөздүү. Эрте жаш куракта заттар менен аракеттенүүнүн өнүгүүсү сүрөт тартууну пайда кылат. Бул мезгилде бөбөк карандаш менен майда сызыктардын иретсиз чиймелегенде кагазга түшкөн из баланы кызыктырат.

Ал бат эле карандаштын сызыктарды түшүрүүдө аспап катары аткарган кызматын өздөштүрөт. Анын кыймылы ар түрдүү жана тагыраак боло баштайт да иретсиз чиймелерге көнүл бурат, алардын айрымдарын көп ирет кайталайт. Бул чиймелерди таз калгансып карап туруп, кайрадан карандаш менен чиймелеп мурдагыга окшогон иретсиз сызыктарды түшүрөт.

Бөбөк кыска, түз сызыктарды, чиелешкен чиймени чагылдырат. Сызыктардын мындай берилиши «сүрөт өнөрүнө чейинки мезгил» деп аталат. Баланын сүрөт өнөрүнө өтүү мезгилинде өз ара айырмаланган эки мерчемдүү учур байкалат. Эз алгач сызыкчаларга заттык маани берүү, кийин элестетип көрсөтүү белгиленет.

Чоздор бөбөктүн сүрөт тартуусун жетектеп, топту, күндү ж. б. кагазга түшүрүп көрсөтүшөт. Бирок бөбөктү иретсиз чиймелер канааттандыргандыктан белгилуу убакытка чейин чондорун көрсөтмөсүн ал кабыл албайт. Бул чиймелерди айрымдарына бала заттык маани бергенде гана чукул өзгөрүш башталат. Мисалы бир сызыкчаны таякча деп, же башкача атаганы менен ага окшоштугу байкалат.

Мындай өзгөчөлүк Айжандын 1 жаш 8 айында тарткан сүрөтүн көрүнөт. Баланын каалосу менен элестетип тартуу дароо пайда болбойт. Бөбөк иретсиз чиймелерди түшүрүүдөн мурун, тарткысы келген сүрөттү сөз аркылуу түшүндүрөт. Каалосун сөз аркылуу айтуу баланын көркөм иш-аракетинин башталышы.

Ал эми сүрөт тартканда сызыктарды айкалыштырып графикалык образда берет. Бөбөк тегерек сызыкчалардын жардамы менен баланы, апасын, атасын элестет. Бала бул сүрөттүн окшош эместигин түшүнүп, жазы графикалык образды табууга аракеттенет. Бул куракта бөбөк же бир бир нече объектини тартууга аракеттенет, сүрөт ал үчүн маанилүү иш-аракетке өтөт.

Бөбөк пайдаланган графикалык образдар ар түрдүү боло баштайт. Анын айрымдарын бала өзү чагылдырса, башкаларды чоздорун көрсөткөн үлгүсүн туурап, окшоштуруунун натыйжасында түзүлөт. Айрыкча бөбөктү тегерек сызыкчанын ичинде чекит жана чиймелерди түшүрүп кишинин башын, анан тула боюн жана бутун элестетип тартуусу окшоштуруп тартуунун мүнөздүү өзгөчөлүгү.

Сүрөт тартуунун мындай өзгөчөлүгү балада графикалык образдын жетишсиздиги менен мүнөздөлөт. Эрте жаш куракта тааталдашкан графикалык образдарды тартуу баладан көптөгөн аракеттерди талап кылат. Сүрөт тартуунун максатын белгилөө, анын аткарылышы, аракеттерин контролдоо бала үчүн татаал милдеттердин бири. Бала айрым учурда болгон умтулуусун натыйжасында, сүрөт иш-аракетин өнүктүрүүдө чоздорун жетекчилиги зарыл. Практикада кездешкендей бөбөктүн сүрөт иш-аракетине болгон ынтызардыгы айрым үй-бүлөдө ата-энелер тарабынан багытталып, калыптандырылбайт.

Биздин оюбузча мунун себептери төмөнкүлөр:-үй-бүлөдө сүрөт иш-аракетине баланын психикасынын өнүгүүсүн шарты катары толук маани бербегендик;-ата-энеде сүрөт иш-аракетинин ыкмаларынын калыптанбагандыгы, балага көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн жетишсиздиги.Сүрөт өнөрүн балада калыптанышында кабыл алуунун, элестетүүнүн өнүгүүсү жана сызыкчаларды түшүрүүнүн жыйындысы жетишсиз. Чоздорун системалуу жетекчилиги астында графикалык образдардын калыптанышы зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)