Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эрте жаш курактагы негизги жетишкендиктер

Баш барак | Психология | Эрте жаш курактагы негизги жетишкендиктер

Бир жаштын аягында өнүгүүнүн жазы мезгили башталат. Экиге караган бөбөктүн алгачкы кадамы анын өнүгүүсүнүн жетишкендиги катары каралат. Анткени, бөбөктүн аракеттеринде активдүүлүк, чоздор менен карым-катнашка умтулуу, өз алдынчалык пайда болуп, мейкиндикти өздөштүрүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт. Эз алгач бөбөктүн тез салмактуулугун сактап, басуусунун ыкмасын өздөштүрүүсү кыйынчылыкты пайда кылат. Кездешкен ар кандай заттарды стул же таякчаны бөбөк чоз тоскоолдук катары кабыл алып, жерге отура калат.



Алгачкы кадам шилтегенде ишенимсиздик, коркуу абалы байкалат. Мындай учурда чоздор аны мактап, оюнчукка алаксытып, басышына көмөк көрсөтөт. Мисалы, Айжан 1жаш 2 айында кас-кас туруп, 1-2 кадам шилтейт, тамга жөлөнүп, 5-6 кадам баскандан кийин коркуп кетип олтура калат. Эрк аракеттерин багыттоо максатында кел-кел, дагы бас деп чакырабыз. Басканга болгон аракети, каалоосу жогору, бирок ишенимсиз.



Корккондугун жоюу максатында эки колунан жетелеп, топту тоголотуп ойнойбуз же жакшы көргөн оюнчугу мамалакты 2-3 кадам аралыкка коюп алып кел десек, отуруп алып кел-кел деп колдун кыймылы менен бизди чакырат. Анын бул аракети өзүнүн керектөөсүн канаттандырууга багытталышы. «Кой болбойт, ойно» деген түшүнүктү туура өздөштүрүп, өзүнүн мамилесин чагылдырат. Айжан 1 жаш 3 айында буту баса баштагандан бери аракеттердин жана оюндун формасы өзгөрө баштады.



Колуман жетелеп барып керектүү нерсесин алат. Бул топ, куурчак деп түшүндүрсөк, тызшап ынтаа коюп угат. Топту тоголотуп, буту менен тээп 2-3 минут ойнойт. Бай-бай деп куурчагын, бизди таптай баштайт. Оюнчуктардын улам жазысын издейт.



Басканга умтулат бирок жанынан кетпейт, тазыркайт. Бала түз баса баштаганда анын таанып-билүү чөйрөсү кезип, заттар менен аракеттенүү мүмкүнчүлүгү артат. Р. Я.Абрамович-Лехтман белгилегендей 1 жаш 2 айлык бөбөктүн заттарды кармап көрүү ыкмасы татаалдашат. Эрте жаш курактагы бөбөк өз алдынча баскандан баштап мейкиндиктеги заттар менен активдүү аракеттенип, таанып-билүү чөйрөсү кезийт. Ал басканга көнүгүп алыскы жана жакынкы аралыкты өздөштүрөт.



Бөбөк колуна кармаганга ызгайлуу оюнчуктар менен аракеттенбестен, ар кандай чоз көлөмдөгү заттар менен таанышат. Столду айланып өтөт, стулду жылдырат. Мындай «көп жактуу изилдөө» болбогондо заттардын касиеттери бөбөктүн көз жаздымында калышы мүмкүн. Эрте жаш куракта бала заттар менен аракеттенүүдө улам жазы аракеттерди өздөштүрүүгө кызыгат да, чоздор бул учурда кезешчи, жардамчы катары кызмат кылат.



Бул куракта бөбөк заттар менен аракеттенүүдө анын мааниси боюнча пайдаланат. Эрте жаш куракта заттар менен болгон аракет баланын психикасынын өнүгүүсүндө эз негизги иш-аракет. Бөбөктүн аракетинин заттар менен байланыштуулугу өнүгүүнүн үч мерчемдүү учурунда өтөт. Биринчи учурда бала заттар менен өзүнө белгилүү бардык аракеттерди аткарат.



Экинчи учурда затты мааниси боюнча, керектелишине байланыштуу пайдаланат. Үчүнчү учурда бөбөк мурунку тажрыйбага кайрылгансып заттарды эркин пайдаланат, бирок заттын маанисин башка дезгээлде ачат. Бөбөк күнүмдүк керектүү заттарды пайдалануу аракетине көнүгүү менен катар жүрүм-турумдун эрежесин өздөштүрөт. Бала чыргоолонуп колундагы кашык менен столду койгулайт, бирок өзү коркконсуп чоздорду карап жалтактайт, анткени бала туура эмес иш кылганын баамдайт. Заттар менен аракеттенүүгө ээ болгон бөбөк жазыдан көрүп кабыл алган заттар менен ар кандай кырдаалда болжолдуу түрдө аракеттенет.



Заттар менен аракетенүүдө бөбөктө эз алгач бул эмне? – деген болжолдуу аракет пайда болсо, кийин зат «эмне үчүн керек?», «кандайча пайдаланат?



» дегендей жазы аракеттер байкалат. Бирок мындай жазы аракеттердин бардыгы баланын психикасынын өнүгүүсүндө маанилүү орунга ээ эмес. Заттар менен аракеттенүүнүн мазмуну заттын өзгөчөлүгүнө байланыштуу.



Бөбөктүн кийими, тамак ичкен идиши, заттык мааниге ээ, бирок аларды пайдалана билүү бала үчүн бир жактуу. Ал эми оюнчуктар, айрыкча бөбөктө белгилүү аракеттердин пайда болушуна таасир этип, психиканын өнүгүүсүнүн шарты катары каралат. Бөбөк пирамила чогултканда анын формасы же көлөмүн эске албайт, жөн гана шакекчелерди таякчага тизип жыйноо менен чектелет. Мындай учурда чоздордун жардамы, көрсөтүп түшүндүрүүсү, негизинен оюнчукту, пирамиданы формасы жана көлөмү боюнча туура жыйноого үйрөтүүгө багытталат.



Бөбөк чоздордун жардамы менен аракетти аткаруунун жолун өздөштүрөт. Бирок мындай өздөштүрүү бөбөктүн активдүү аракетине жана чоздордун түшүндүрө билүүсүнө байланыштуу. Эгерде бөбөк чоздордун жардамы менен пирамиданы чогултуунун үлгүсүн өздөштүрө анын көрүү аркылуу кабыл алып, окшоштуруп аракеттенүүсү калыптанат. Экинчи бир учурда чоздор баланын оюнчукту туура эмес чогултканын, катасын түшүндүрүп, анын кайра чогултуунун жолун көрсөтсө, бала бир нече ирет оюнчукту кайра чогултат.



Белгиленген аракетти өздөштүрүүдө балада узак убакытты талап кылат. Оюнчукту чогултуунун үчүнчү жолун шакекчелерди ченөө жолу менен эз чозун тандап алууга үйрөтүү ыкмасы шакекчени көлөмү боюнча иреттүү жыйноого баланы көнүктүрөт. Шакекчени жыйноодо экинчи жана үчүнчү ыкманы пайдаланууда көрүү аркылуу кабыл алып, аракеттердин татаал ыкмасын өздөштүрүү менен чектелбестен, салыштырып анализдөөнүн элементине үйрөнөт.



Белгиленген ыкмалар менен аракеттенүү психиканын өнүгүүсүнүн катары аныкталат. Заттар менен аракеттенүүдө эрте жаш курактагы бөбөк аракеттердин системасын өздөштүрөт. Аракеттердин татаалданышы бөбөктүн психикасынын өнүгүүсүнө түрткү болот. Бөбөктүн өнүгүүсүндө ар кандай заттарды таанып, аларды пайдалануунун атайын ыктарын өздөштүрүү эз чоз мааниге ээ. Заттарды пайдалануунун ыктары өз ара айырмаланып, жөнөкөй аракеттен, заттардын касиети менен байланыштуу татаал аракеттерди чагылдырат. Эрте жаш куракта бөбөктүн өздөштүргөн аракеттеринен анын психикасынын өнүгүүсүндө аспаптык аракеттер өтө маанилүү.



Бул мезгилде салыштырмалуу аракеттер эки же бир нече зат менен мейкиндикте өтөт. Эрте жаш куракта салыштырмалуу аракеттер чоздордун жардамы менен багытталып жөнгө салынат. Мындай аракеттердин аткарылышы баланы үйрөтүүдө окутуунун элементине таянат.



Заттар менен аракеттенүү айрыкча аспаптык аракеттер эрте жаш курактагы бөбөктүн интеллектуалдуу өнүгүүсүнө таасир этет. Аспаптык аракеттерде заттын бири курал катары экинчи затка таасир этүү үчүн колдонулат. Мисалы, Айжан 1жаш 1 ай. Кашыкка шакекчени илип алып ойнойт.



Бул мисалдан бөбөк өзүнө тааныш, жакын кашык, чыны, карандаш сыяктуу заттарды аспап катары пайдаланып, башка экинчи бир зат менен аракеттенет. Бул баланын психикасынын өнүгүшүндө маанилүү, анткени, заттын аспаптык мааниси өздөштүрөт. Аспап баланын колу менен заттын ортосундагы катнаш мамилени чагылдырат, ал эми затка таасир этүү аспаптын түзүлүшүнө байланыштуу.



Аспаптык аракеттерге ээ болууда бала колунун кыймылын аспаптын түзүлүшүнө ылайыкташтырат. Мисалы, баланын өз алдынча кашык менен тамак ичүүгө көнүгүүсү. Эрте жаш куракта бала өздөштүргөн аспаптык аракеттер кийинчерээк иштелип чыгып такталат да аспапты пайдалануунун жолу иштелип чыгат. Заттардын аспаптык маанисине карата, алар менен болгон аракеттердин бышыкталган ыкмасын бөбөк чоздордун таасири астында өздөштүрөт жана башка заттарга ылайык пайдаланат. Эки жашар бөбөк чыны, кашык ж. б. заттар менен аспаптык аракеттенүүнүн активдүү өздөштүрөт.



Аспаптык аракетте үйрөтүүнүн биринчи этабында, ал аспапты колдун кыймылдуулугун аткаруу катары пайдаланат. Ошондуктан бул аракет «кол аркылуу аракеттенүү» деп аталган. Мисалы, бала оюнчук күрөктү шкафтын астындагы оюнчукка жетиш үчүн пайдаланат. Кийинки этапта аспаптык аракетти багыттаган затка ылайыкташтырууга үйрөнөт (күрөк менен кум, кар, топурак сузса, чакага суу алат). Демек бөбөктүн аракети аспаптардын маанисине, касиетине ылайыкташат.



Аспаптардын заттык маанисин билүү баланы заттарды пайдалануунун коомдук ыктарын өздөштүрүүгө жана ой процессинин баштапкы формасынын өнүгүүсүнө таасир этет. Бөбөктө эз алгач ойдун өнүгүүсү анын заттар менен болгон иш-аракетинде өтөт жана көрсөтмөлүү аракеттенүү мүнөзүнө ээ. Бөбөк затты иш-аракеттин объектиси катары бөлүп, мейкиндикте жайгаштырып, бир нече заттар менен бири-бирине байланыштуу аракеттенүүгө үйрөнөт. Эрте жаш курактагы бөбөктүн заттар менен аракеттенүүсү ойлоонун өнүгүүсүнө таасир этет да, ой көрсөтмөлүү-аракетенүү формасына өтөт.



Бөбөк затты иш-аракеттеги объект катары бөлүп карап, аны мейкиндикте жайгаштырып бир нече заттар менен байланыштуу аракеттенет. Бөбөктүн мындай активдүүлүгү заттар менен аракеттенүү процессинде башка заттардын касиетин өздөштүрүүнүн шарты. Мындан заттар менен болгон иш-аракет бөбөктүн сүйлөөнү түшүнүп өздөштүрүүсүнүн өбөлгөсү боло алат.



Бир жаштан эки жашка караган бөбөктүн аракеттери өзгөрүп татаалдашат. Өзүнүн оюнчугун чоздорго сунуп, алар менен мамилелердин системасында болгусу келет. Ар кандай заттарды оюнчук катары пайдаланат.



Ачкыч, ручка ж. б. буюмдар менен ойноого аракеттенет, бирок эмоционалдык абалы тез өзгөрөт. Чоз кишилер анын эмоционалдык абалын контролдоп, ар кандай мамилелердин системасында болууга тийиш. Бөбөктүн чоздордун речин түшүнүүсү жана өзүнүн речинин активдүүлүгү ургаал калыптанат.



Бөбөк бир жаштан бир жарым жашка чейинки мезгилде заттар менен аракеттенип, сүйлөөнү түшүнүп өздөштүрүп, оюнчуктар жана ар кандай буюмдарды оюнчук катары пайдалануунун натыйжасында инсан катары калыптана баштайт. Мындай өзгөчөлүккө биздин жүргүзгөн байкообуз мисал болот. Айжан 1 жаш 2 ай. Колуна тийген буюмду бетине тосуп ку-ку!- деп чоздор менен жашынбак ойнойт.



Карандашты алып шкафтын ачкычы катары пайдаланат. Бул психологияда заттарды сырткы өзгөчөлүгү боюнча окшоштуруп алмаштыруу аракети катары белгиленет. Айжан кана десез Ажа деп өзүн көрсөтөт.



Жердеги нерсени ал жаман, алба, десез колунун учу менен бизге сунат. Белгиленген мамилелердин системасы, бөбөктүн жашаган чөйрөсүндөгү карым-катнаштын активдүүлүгү заттар менен аракеттенүүнүн ыгын өздөштүрүүнүн жолу катары мүнөздөлөт. Мунун баары заттар менен болгон иш-аракеттин көмүскө касиети менен таанышууга жана заттар менен түздөн-түз же кошумча каржаттардын, башкача айтканда башка заттардын жардамы же таасири астында аракеттенүүгө шарт түзөт. Бир эле зат менен аракеттенүүдө колдун кыймылы же аспаптык аракеттер байкалат.



Психолог П. Я.Гальперин өзүнүн изилдөөсүндө бөбөктөгү колдун кыймылы менен аспаптык аракеттердин айырмачылыгын ачып бере алган. Ал аянты 50-70 см, бийиктиги 60 см болгон ящиктин түбүнө ар түрдүү оюнчуктарды: балапан, балык, кубик ж. б. жайгаштырган. Ал эми эки-жети жаштагы балдар бул оюнчуктарды атайын күрөктүн жардамы менен алууга тийиш болгон. Оюнчукту кол менен алып ойноого уруксат берилген эмес.



Оюнчукту атайын күрөктүн жардамы менен алыш үчүн аракеттердин системасын өздөштүрүүнүн зарылдыгы белгиленет. Бала ящиктеги оюнчукту бурчка жакындатып, күрөккө сузуп, көтөрүп жогору алып чыгууда аспаптык аракетти өздөштүргөн. Аспаптык операциянын төрт стадиясы белгиленген. Биринчи стадияда балдар атайын күрөктү пайдаланып бирдей аракеттерди аткарат.



Аспаптык операциянын алгачкы формасында бала аспапты бир эле оюнчукту «кармап» алууга багыттайт да аспап менен аракеттенүү жолун улам-улам алмаштырат. Бул стадияны П. Я.Гальперин «болжолдуу түрдө максаттуу аракеттенүүнүн үлгүсү» - деп атаган. Экинчи стадияда мурунку аракеттердин кайталоо менен катар бала аракеттердин бир операциясын узак убакытта өздөштүрөт.



Ушул мезгилде аспаптык ызгайлуу абалын пайдаланууга аракеттенет. Баланын тез өзгөргөн кыймылы, жай ырааттуу болуп аспапты ызгайлуу абалда пайдаланат. Муну П. Я.Гальперин «аспапты астыртан бйкап, ызгайлаштыруу» аракети деп атаган. Үчүнчү стадияда бала затка карата аспаптын ызгайлуу абалын түзүүгө активдүү аракеттенет. Ал кокустан пайда болгон абалды күтүп аракеттенет.



Бирок аспап менен затка таасир этүү мүмкүнчүлүгүн толук түшүнбөйт. Бөбөк айрым ыкмаларды кайрадан кайталайт. Оюнчуктарды атайын күрөктүн жардамы менен кармоонун жолун издеп, активдүү жана туруктуулук менен кийлигишет. П. Я.Гальперин муну «тажаткычтык менен кийлигишүү» стадиясы деп атаган.



Төртүнчү стадияда тажаткычтык менен ар кандай ыкмаларды колдонуу чектелет. Бөбөк өзүнүн жүрүм-турумунда, аракетинде аспаптык өзгөчөлүгүн белгиленген милдеттин чечилиш эрежесине багыттагандай болот. Бул стадияда бөбөк керектүү кыймылдарды аткаруунун ыгын өздөштүрөт.



Бул объективдүү «жөнгө салуу стадиясы» деп белгиленген. П. Я.Гальперин изилдөөсүнүн натыйжасында баланын практикалык иш-аракетинде «колдун операциясынан», «аспаптык» операцияга өткөндө эки жашар бөбөктө интеллектуалдуу операция ой процессинин алгачкы формасы катары пайда болот деп аныкталган. Бул изилдөөнүн натыйжасында практикалык иш-аракеттерден айрым интеллектуалдуу операциядан ой процессине өткөндүгү байкалат. Экспериментте алынган фактылардын негизинде баланын аспаптык аракеттерге ээ болуусун көрө билүү ойдун генезисин түшүнүүдө маанилүү экендигин П. Я.Гальперин далилдеген.



Эрте жаш куракта көрсөтмөлүү ойдун алгачкы формасынын пайда болуу мезгили, ал кол операциясынын аспаптык операцияга алмашуусунун, заттар менен аракеттенүүдө коомдук ыктарды өздөштүрүүнүн натыйжасында түзүлөт. Балада бир жаштан үч жашка чейин интеллектуалдуу операциялардын калыптанышы аспаптык аракеттерге ээ болуу процессинде өтөт. Анткени, алар башка аракеттерге караганда системалуу жана аспап менен заттын байланышын ачык чагылдырат.



Эрте жаш куракта баланын заттар менен болгон практикалык иш-аракети практикадан акыл аракетине өтүүнүн маанилүү этабы катары түшүнүктүн, ойдун сөз аркылуу берилишинин шарты. Заттар менен аракеттенүүдө, аракеттерди сөз аркылуу бере билүүдө ой процесси калыптанат. Баланын тажрыйбасынын жетишсиздигине байланыштуу, ал заттардын маанилүү сапатын бөлүп бере албайт, анын корутундулоосу айрым учурда да так чагылдырылбайт. Мисалы, «шар» деген сөз менен бардык тоголок формадагы заттарды белгилейт. Бул куракта психикалык процесстин өнүгүүсү сүйлөөнү түшүнүп өздөштүрүүнүн сензитивдик мезгили өтөт.



Сөздү мааниси боюнча окшоштуруп тууроо, муунга бөлүп салыштырмалуу айтуу, түшүнүгүн колдун кыймылы менен багыттоо бөбөктүн чоздор менен карым-катнаш түзүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн арттырат. Эрте жаш курактагы бөбөккө чоздордун аракеттерди көрсөтүүсү, көздүн кыймылы аркылуу нааразылыгын же канааттангандыгын билдирүүсү алардын өз ара мамилесин чагылдырат, бул баланын речинин өнүгүүсүн чектейт. Сүйлөөнүн өнүгүүсүндө чоздордун бала менен болгон карым-катнашы, ар кандай мамилелердин системасы негизги фактордун бири катары каралат.



Эрте жаш куракта баланын речинин пайда болуп өнүгүүсү эки багытта өтөт:-Чоздордун сөзүн түшүнүүнүн өркүндөшү.-Өзүнүн речинин активдүүлүгү калыптанат.Е. К.Каверина жүргүзгөн байкоонун негизинде, бөбөк эз алгач өзүнө тааныш заттарды, анан чоздордун атын, оюнчуктарды атаганды чоздордун сөзүн түшүнүп кабыл алууну, сүйлөөнүн өнүгүү өбөлгөсү катары белгилеген. Бир жаштан өткөндө бөбөк өзүнө тааныш заттарды чоздордун кайрылуусу боюнча алып берет, бирок ал өзү жактырган оюнчукка алагды болушу мүмкүн. Айжан 1 жаш 10 күн. Көп оюнчуктан коёнду таап алат.



«Коён кана?» десек көрсөтөт. «Айжан жакшы» десек аябай кубанат. Ал чоздордун сөзүн түшүнүп, ага карата өзүнүн мамилесин чагылдырат. Бөбөк бир жаштан бир жарым жашка чейин заттар менен аракеттенүүнүн, сүйлөөнү түшүнүп өздөштүрүүнүн, оюнчукту жана ар кандай буюмдарды оюнчук катары пайдалануунун натыйжасында психикасы өнүгө баштайт.



Айжан 1 жаш 1 ай. Өзүнчө балдырап сүйлөйт. Бизди туурап сүйлөгүсү келет, биз сүйлөгөндө тызшап угат. Музыканы кызыгып угат.



«Кене» деп сурайт. «Кетти» деген сөздү – кее деп кайталайт. «Жок» десез эки колун жаят.



Бир жарым жашында бөбөк өзүнүн аракеттерин чоздордун сөз көрсөтмөсүнүн негизинде багыттайт. Бул мезгилде көптөгөн сөздөрдү түшүнөт. Балдар психологиясында бөбөктүн берилген тапшырманы, сөз көрсөтмөсүн түшүнүп өздөштүрүүсү изилденген. «Бул кайда?



» деген суроону бөбөктүн түшүнүп жооп берүүсү төмөндөгүдөй мүнөздөлөт:-Суроонун жоопсуз калышы;-Суроого карата аракеттердин туура аткарылышы;-Аракеттердин татаалдашып, өздөштүрүлүшү;Сөз көрсөтмөсү бөбөк менен чоз кишилердин өз ара мамилесинин бирдиктүү иш-аракетинин эз негизги шарты. Ошондуктан эки жашар бөбөктүн сөздү өздөштүрүүсү заттар менен аракеттенүүнүн ыгын өздөштүрүүдө маанилүү. Үч жашар балада сөздү түшүнүү дезгээли көлөмү боюнча сапаттуу түрдө жогорулайт. Эки-үч жашар бөбөк проактикалык аракеттерди багыттаган сөз көрсөтмөсүнөн тышкаркы кыска азгемени түшүнүп өздөштүрөт.



Чоз кишилердин бала менен болгон карым-катнашы сөздү түшүнүп өздөштүрүүнүн каражаты. Заттар менен болгон иш-аракеттин өркүндөшү баланын сөзүнүн ургаал өнүгүүсүнө мүмкүндүк берет. Сөздүн активдүүлүгүнүн ургаал өсүшү эки-үч сөздөн түзүлгөн сүйлөмдөн башталат. Чоздорго суроо менен кайрылуусу бала менен чоздордун мамилесинин мүнөзүнө байланыштуу. Эгерде ата-эне жана башка адамдар бала менен аз сүйлөшсө, аны сүйлөөгө үйрөтпөсө, баланын речи кеч өнүгөт.



Чоздор баланын суроосун жоопсуз калтырып, анын каалосун канаттандырбаса сүйлөөнүн активдүү өнүгүүсү тоскоолдукка учурайт. Бир жарым жашка чейин балада сүйлөөнүн активдүүлүгү жай өтөт. Бул мезгилде бала 30-40 тан 100гө чейинки сөздөрдү өздөштүрүп, аларды өтө сейрек пайдаланат. Бир жарым жаштан кийин кескин өзгөрүш байкалат.



Эки жаштын аягында бөбөк 300дөн ашык сөздү, ал эми үч жаштын аягында 1500дөй сөздү түшүнөт. Эз алгач баланын сөзү чоздордукуна окшобойт. Бала чоздор пайдаланбаган сөздү колдошот.



Мындай бурмаланган сөздөр психологияда «автономдук речь» же баланын өзүнүн бурмалап, ойлоп тапкан сөздөрү катары түшүндүрүлөт. Бул сөздүн келип чыгышы үч жактуу: биринчиден бул ата-эненин балага жеткиликтүү формада ойлоп тапкан сөздөрдү (кучүктү ав-ав деген сыяктуу сөздөр менен) түшүндүрүүсү. Экинчиден, негизги сөздөз баланын жазы сөз түзүшү. Үчүнчүдөн, баланын ойлоп тапкан сөздөрү, өзүнүн сөз чыгармачылыгы. Мисалы, биринчи учурда Айжан «ав-ав» деп күчүктү, баланы «ля-ля», атты «чү-чү» десе, экинчи учурда суну «вуу», гүлдү «ак» дейт.



Клараны чакыр десем «Клала-ла» же Тынар деген эжесин «Тата» деп айтса, А. В.Пугачева ырдаганда «Пучагова» деп аны туурап ырдайт. Бал муздак жегиси келсе «нема» жейм дейт. Демек, бөбөк ушул сыяктуу «сөз чыгармачылыгын» күнүмдүк турмушунда пайдалана алат.



Бирок биз сөздү так айтып анын туура сүйлөшүнө шарт түзүүгө аракеттендик. Эки жаштын аягында ал биздин сөзүбүздү тызшап, активдүү өздөштүрө баштады. Биздин сөздү тактообуз бөбөктүн грамматикалык түзүлүштү өздөштүрүүсүндө чоз мааниге ээ. Эгерде бала үч-төрт жашка чейин үйдө тарбияланып, эне тилин толук өздөштүргөндөн кийин балдар бакчасына барса эки тилди тез өздөштүрөт. Мындай психологиялык шарт Айжандын төрт жашка чыкканча эне тилинде сүйлөөгө үйрөнүп, анан балдар бакчасында экинчи тилди өздөштүрүүсүнүн негизинде далилденди.



Бул жагдай карым-катнаш түзүүнүн шарты болоорун биздин байкоолорубуз көрсөттү. Баланы сөздү туура сүйлөөгө үйрөтүү анын сүйлөө речин калыптандырат. Е. К.Каверина белгилегендей заттардын аталышын өздөштүрүүдө бөбөк эз алгач өзүнүн айланасындагы буюмдарды анан оюнчуктарды атап, кийинки этапта заттарды, кийимдерин сүрөттөп көрсөтүп, өзүнүн тулку боюн, бет түзүлүшүн өздөштүрөт. Эки жаштын аягында бала бир эле сөздү бир нече ирет кайталап айтканды жакшы көрөт.



Айжан А. Осмоновдун «Балдар жана турналар», Абдылда Карасартовдун «Баканын ыры» деген китептеринен сүрөттү көрсөтүп айтып берсек, кунт коюп угат да, экинчи жолу айтып деп сурайт. Кайра кайталайбыз, ал кунт коюп угат, «Байчечекей» журналын ачып оку дейт, жашына ылайык айрым сүрөттөрдү айтып берип, тымызын көз салсам, сүрөттөгү баланы туурап, аны менен сүйлөшкөнсүйт. Кайталап окуунун негизинде Айжан угуу аркылуу кабыл алып, сөздөрдү түшүнүп, өздөштүрө да аны автономдук сүйлөөнүн дезгээлинде кайталайт. Айжан 1 жашында сүрөттүү китептерге кызыгып, кабыл алуусу предметтүү болду. Өзүнүн түшүнүгүн айтып берип, бизди кайрадан кайталап айтып бер деп кайрылганда, айтып берсек ынтаа коюп угат.



Угуу аркылуу кабыл алуунун, сөздүн маанисин жана айтылышын өздөштүрүүсү баланын сүйлөө речине болгон даярдыгына таасирин тийгизет, ошондуктан жазы түшүнүксүз сөздөр анын кызыгуусун пайда кылат. Мындай кабыл алуу анын сөзүнүн өнүгүүсүнүн сензитивдик мезгили деп белгилесек болот. Эрте жаш куракта баланын сөздү түшүнүп, аны тактоосу, сөз байлыгынын артышы эне тилинин грамматикасын өздөштүрүүдө маанилүү орунга ээ. Эне тилинин грамматикалык түзүлүшүн өздөштүрүү, тилдин өзгөчөлүгүн сезүүнү өнүктүрөт. Эрте жаш куракта сүйлөөнүн өнүгүүсүндө сөздүн сигналдык мааниси, өз ара байланышкан сөздү түшүнүү, анын грамматикалык түзүлүшүн өздөштүрүү сыяктуу процесстер өтөт. Баланын речинин өнүгүүсү психикалык процесстердин түзүлүшүнө да таасир этет.



Сөздүн активдүү өнүгүүсү 2-3 сөздөн түзүлгөн сүйлөмдөн башталып, чоз кишилердин бөбөк менен сүйлөшүүсүнүн мүнөзүнө байланыштуу активдешет. Бөбөктүн сөзүн арттыруу анын аракеттеринин чоз кишилер менен бирдикте өтүшунө же алардын жардамы мене ниш жүзүнө ашат. Үч жашар бөбөктүн речи активдешет. Ата-эне эрте жаш куракта бөбөктүн эне тилин өздөштүрүүсү үчүн шарт түзүүсү зарыл. Сүйлөө речине ээ болу, баланын кабыл алуусунун, ой-прцессинин иш-аракетинин өнүгүүсү менен тыгыз байланышат.



Чоздордун речин өздөштүрүү менен бөбөктүн таанып-билүүсү активдешет. Бала өзүнун түшүнүгүн тактоо максатында жөнөкөй аракетти бир нече ирет кайталаганы байкалат. Айжан 1 жаш 6 айында өзү үчүн жазылык ачты. Уктаган кроватынан өйдө турганда тамдын боорунан көлөкөсүн көрсөтүп «ля-ля» десем таз калып карады да, кайра ылдый отуруп, өзүнүн көлөкөсүн издей баштады.



Туруп көлөкөсүн карады. Мындай аракет бир нече ирет кайталанды. Экинчи жолу дачадан сууга таш ыргытып, анын сууга «чулп» деп изи жок кеткенине таз калып, ташты издеп, жок деп алаканын жайып, сөзүн аракети менен толуктайт. Сууга бир нече ирет таш ыргытып тазыркап карайт.



Мындай аракет ойдун көрсөтмөлүүлүгүнүн пайда болушун мүнөздөйт. Сүйлөөнү өздөштүрүү менен балада ойдун көрсөтмөлүүлүгү менен образдуулугу пайда болот. Айлана-чөйрөнүн кубулуштарын таанып-билүүдө ой процессии анын кызыгуусу, таз калуусу менен мүнөздөлөт. Бөбөктүн ойлонуусунун өнүгүшүндө салыштырып түшүндүрүү маанилүү.



Айжан 1 жаш 8 ай кезинде айылга барганда короодон тоокту, күчүктү көргөндө китептеги тартылган жансыз сүрөт сыяктуу көрдү, бирок күчүк үрүп койсо, бизди көздөй качып жөнөйт да «Ай күчүк нельзя» дейт, бир аздан кийин нан алып барып, күчүктү издейт. Биз ага үйдөгү күчүк менен китептеги тартылган сүрөттүн айырмачылыгын айтып түшүндүрдүк. Айжандын таанып билүүсү активдешип, анын кызыгуусу жогорулады.

Сайтка жарнама жайгаштыруу