Эр жүрөк баатыр

Достор чогулуп отурган жерде эрдик жөнүндө сөз чыгып кетип, бир жаш жигит оозу-мурду кыйшайбай: - Сүзөнөөк бука мени качырып сала берди эле, коркконум жок. Тоодон илбирс кол салды эле, коркконум жок. Чагылган урду, коркконум жок. Бул дүйнөдөгү эр-жүрөк баатыр - мына мен! - деп мактанат. Анда Апенди ичип аткан чайын шашпай жерге коёт да: - Жок, бул жалганда менден өткөн баатыр болбойт, - дейт. Апендинин мактанчаак эместигин отургандардын баары жакшы билчү, ошондуктан азыр алар уккан кулактарына ишенбей, таңыркап, Апендини карап калышат да: - Кантип эле сенден өткөн баатыр болбосун? - дешет. - Болбойт. Анткени, бир сындырым нансыз, бир кайнатым чайсыз отурган кезибизде да үйүмө мейман келсе, болк этип, коркуп койгон жан эмесмин, - деген экен Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)