Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Эпитет(адабият)

Эпитет(гр. – түшүндүрүү) – топтун бир нерсенин, окуянын, кубулуштун мүнөздүү бөтөнчөлүктөрүн көрсөтүп берүүчү түрү. Мындай сөздөр (эпитеттер) буюмдун же окуя-кубулуштун сапатын, тек-жаатын, башкалардан айырмалуу касиетин индивидуалдаштырат, речти көркөмдөөгө жардам берет. Эпитеттер сөзсүз түрдө кайсы бир сөздү же сөз айкашын жандап келет. «Алтын өзөн», «Арстан Манас» десек, мындагы Эпитет сөздөр «алтын» жана «арстан» сөздөрүнөн кийинки «Өзөн» жана «Манас» деген сөздөрдүн негизги белгилерин бир кыйла күчөтүп, өтмө мааниде көрсөтүп турат. Эпитеттер зат атооч (күмүш зымдар, бойдок жигит), сын атооч (ак шумкар, жашыл жалбырак), сан атооч («токсон жыл кыргын болсо да, касиети кетпеген») ж. б. сөз түркүм-дөрүнөн түзүлөт. Эпитеттер туруктуу жана өзгөрүлмө болуп бөлүнөт. Туруктуу эпитеттер элдик оозеки чыгармаларда кеңири учурайт да, мындай учурда эпитет катары дайыма колдонулуп жүргөн даяр сөздөр мүнөздүү түшүнүктөрү менен кошо келет. Мисалы, Элемандын Эр Төштүк, Шер Манас, ак олпок, кызыл туу, ак сүт, ак чач ж. б. Өзгөрүлмөлүү эпитеттердин туруктуу сөздөрү жок, алар автордун максатына багындырылып колдонула берет. Мисалы,



Мөөр сыны: аппак ыраң, кара көз,

Кырдач мурун, субагай бой, чарчылуу.

Ичке кашы жүрөккө урчу жебедей,

Саал ийилип, саамай жакка тартылуу.

Бир жазылып, бирде азыраак жыйрылат,

Сүйлөп жаткан сөз ыргагы аркылуу.

(С. Эралиев)

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)