Эпидемия очогу

Эпидемия очогу — жугуштуу оорулуу же оору козгогуч алып жүргөн адамдын жашаган жайы, жери (үйү, иштеген мекемеси жана башкалар). Эпидемия очогу жугуштуу оорунун булагы болгондуктан ал калк арасында таралышында чоң роль ойнойт. Эгерде оорулуу врачка эртерээк кайрылбаса, өз убагында өзүнүн тегерегиндеги соо кишилерден бөлүнбөсө, туура, жакшы дарыланбаса оору узакка созулуп же өнөкөт түргө айланат. Оорулуу анын козгогучтарын алып жүрүп, аларды организминен тышка чыгарып турат. Натыйжада айлана - чөйрөдөгү суу, тамак-аш, идиш-аяк, буюмдар жана башкалар булганып, оору дагы башка кишилерге жугуп, жаңы эпидемия очогу пайда болот. Айрыкча жугуштуу ичеги-карын ооруларынын эпидемия очогу көбүрөөк кезигет. Себеби мындай оорулуулар көп убакта чоң кишилерде жеңил өтүп, оорулуу врачка кайрылбагандыктан, ал убагында ачылбай оорунун булагы болуп кала берет. Ал эми кээ бир жугуштуу оорулар капысынан катуу кармап, оор болгондуктан оорулуу эрте врачка кайрылат да, өз убагында аны бөлүп, ооруканада дарылоо, дезинфекция жүргүзүлүп, карантин коюлуп, чогуу болгондор эмделет. Натыйжада эпидемия очогу пайда болбойт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)