Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Эңилчек өрөөнү

Борбору ТеңирТоодо; Ак-Суу районунун аймагында. Кан-Теңир тоо тоомунун батыш тармактары Сары-Жаз жана Эңилчек кырка тоолорунун аралыгында чыгыштан батынггы карай созулган терең капчыгайды ээлейт. узундугу 106 кмте чейин (анын 60 кмте жакынын мөңгү ээлейт), эң жазы жери 3 чакырым. Аянты (суу бөлгүчтөр менен кеткен чек боюнча) 1739 /6и2 (анын ичинде 949 чарчы/чакырым жерин мөңгү ээлейт). Таманынын эң бийик жери 2500—3000 м. Төр жагы экиге айрылып, түндүк жана түштүк Эңилчек мөңгүлүү өрөөндөрүн түзөт да Меридиан кырка тоосуна чейин созулат. Эки айрылынггын ортосунда орточо бийиктиги 6000 метрден ашкан Теңир-Тоо жатат.

Байыркы геологиялык антиклиналдын кыры боюнча кеткен тектон. жарака желип отуруп, 2000 метрге чейин тереңдеп, өрөөн пайда болгон. Негизинен силур, девондун сланец, аки таш жана башкалар тоо тектеринен туруп, пермдин граниттери жиреп чыккан. Байыркы муз каптоо мезгилинде өрөөн толугу менен муздун алдында калып, анын эрозиялык аракетинен азыркы тепши сымал абалына келген.

Капталдарында байыркы мореналардын калдыктары кездешет. Климаты катаал, кышы суук, кургак, кар аз түшөт. Жайы салкын, жаан-чачын аз жаайт. Январдын орточо температурасы —18°... —20°С, июлдуку 10—11°С. Жылдык жаан-чачыны 250—300 мм. Чыгышы мөңгүлөр менен капталган; эң ириси - түштүк Эңилчек мөңгүсү (аянты 613 чарчы/чакырым, узундугу 59 чакырым). Негизги суусу - Эңилчек (орточо чыгымы 30 м2/сек). Өрөөндүн күнгөй капталдарында (2700—2800 жана 3000—3200 м бийиктикте) жарым чөл жана кургакчыл талаа, тескей жагына (2800—3100 м) шалбалуу токой, өрөөндүн эки капталына субальп жана альп ландшафт алкактары мүнөздүү. Эң көп аянтты нивалдык-гляциалдык алкак ээлейт. Кышкы жайыт. Өрөөндө Эңилчек айылы жайгашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)