Энесайдагы элдин рухий байлыгы

Кытай жазмаларында, энесайлык кыргыздар акылман улут, алар сөзгө чечен, баары текши ырчы келет дешкен. Чындыгында энесайлык кыргыздардын мазмуну бай аңыздары, ашыктык ырлары, кошоктор, поэмалар ж.б. элдик чыгармалары ошол доордо жаралган. Майда эпостор, дастандар айтылган.

Кытай жазмалары ("Жаңы Тан жылнаамалары") айткандай, энесайлык кыргыздар чоор, добулбас, сурнай, керней, ооз комуз, чыңыроон, кыяк, коңгуроо, жылаажын, зыңгырама, балдап, балман, дап, жазнай, жекесин, наама, чаткан ж.б. кырктай музыкалык бай аспаптары болгон. Кытай жазмаларына ишенсек, кыргыздын адегенде ичке саптуу, сүйрү баштуу, кайкы моюндуу, үч кылдуу, а тургай төрт кылдуу комузу болгон. Комуздун жаңы түрү V кылымда гана өзгөргөн.

Залкар күүлөрдүн алгачкы үлгүлөрү Энесайда жаралган. Кыргыз комузун хундар да черткени тарыхта белгилүү. Байыркы Энесай кыргыздарынын колдонмо-жасалга өнөрчүлүгү - оймочулук, саймачылык, өрмөчүлүк, чий чырмоочулук, зергерчилик, килемчилик, терини, жүндү иштетүү, ж.б. кол өнөрү мыкты өнүккөн. Кыргыздардын жүндөн, териден жасалган шырдактары, жер төшөктөрү, килемдери Борбордук Азияда баа эле. Кыргыздардын байыркы оюулары биздин алгачкы сүрөтүбүз, эн тамгаларыбыз, аңыз, символдук түшүнүгүбүз жана акылмандыкка, ойчулдукка, сулуулукка карата ой жүгүртүүбүз, кыялыбыз болгон, кийин руна жазмабызга негиз түзгөн. Кыргыздардын элдик өнөрчүлүгүндө эки жүздөн кем эмес оюулары бар экендиги белгилүү. Кыргыздардын килеминин жасалышы жөнүндө Манас эпосунда: "Кырк жылы сууга чыласа, Кыярып туру оңбогон, Кырк жылы селге кетсе да, Кылк этип чети койбогон" - деп, алтын түрдүү килем болгонуна баа берип айткан жери бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)