Энесай маданиятынын оюн-тамашасы жана тамак-ашы

Энесайлык кыргыздарда майрамдарда, чоң той-тамашада маш ойноо (цирк) пайда болгон. Талаа-түздүн шибер-тулаңында төө ойнотуп, жолборсту колго үйрөтүп, ат үстүнө отургузуп, кээсин тартылган аркандын үстүнөн бастырган, жигиттер чабан-достук чебер өнөр көрсөтүшкөн.

Кыргыздардын байыркы улуттук оюндарынын эки жүздөн ашык түрлөрү болгон. Аксакал карыялар тогуз коргоол, упай ойношсо, жаштар шайыр-шаттык оюндарын - селкинчек, кыз куумай, ак челмок, сармерден, акыйнек, жоолук таштамай, алты бакан, дүмпүлдөк, тыйын эңмей, эр жигиттер жоокер оюнун - балбан күрөш, эр оодарыш, буура жөөлөштүрүү, шер оюну, жолборс жылмалоо, жамбы атуу, ат оюну, аркан тартуу, эр сайыш, улак тартуу, ордо ж.б. оюндарын өткөрүшкөн. Жалпы той-аш майрамдарда күлкүлүү оюндарды (таз сүзүштүрүү, төө чечмей ж.б.) өткөрүлгөн. Майрам ат чабыш менен аяктаган.

Тамак-ашы

Кыргыздар байыркы көчмөндөр сыяктуу эле мал этинен, актан, дан-дан далай даамдуу, жагымдуу жана мүнөздөп ичкенге ар түркүн тамак-ашты жасашкан. Илгертен алардын кымыздын тунмасынан тарткан күчтүү шарабы болгон. Байыркы кыргыздар мейман күткөндө, ак пейилден дасторкон жайганды чоң каада-салт көрүшкөн жана ызаат үлпөткө алдын ала камданышкан, кудай коногунан колундагы каткан-күткөн оокатын, ырыс-кешигин эч аяган эмес. Үйүнө бир келген адамга сый-урмат көрсөтүп, насиптен даам таттырып узаткан. Колунда жок томаяктар өткөн жолоочунун чаңкаганы кансын деп кара аякка суу куюп, жол боюна коюшкан. Кыргыздын аялдары майданга, казатка чыккан жоокерлерге же сапарга аттанган эр азаматтарга далай күнгө бузулбас, күч-кубат берүүчү насипти: курут, талкан, таруу, күлазык, мээр чөп камдап беришкен.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)