Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Энесай

Түштүк Сибирдеги б.з.ч. II кылым б.з.ч. X кылымга чейин жашаган бабалардын доорун жана маданиятын жалпысынан "Энесай" маданияты деп атаганыбыз жөндүү. V-IX кылымдарда сай-сайлаган элдин башын бириктирген кагандары, баатырлары чыгып, кыргыздар согуш өнөрүн өздөштүрүп, черүү күтүп, өркөнү өсүп, дөөлөттүү эл болуп калган.

Алар көчмөндөрдүн ичинен биринчилерден болуп, кен казуу, темир иштетүүнү билишкен, жерди сугарып, мол түшүм алып, дыйканчылыкты өздөштүрүшкөн. Жоого минер аттары короодо, кылычы колдо болуп турган. Кытай окумуштуулары энесайлык кыргыздардын Таң доорундагы жайдары жашоосу жөнүндө мыкты баяндама берген: "...Апай Тоонун астындагы тектирде аппак боз үйлүү айыл четинен төөлөргө жүк жүктөлүп, аттардын куйругун түйүп, жолборстон кээжим жаптырып, жолоочулар узап баратышат... Жайкы саратанда закымдаган теребел учу-кыйырсыз кең жайлоодо балкыйт, төрт түлүк мал тоо этегинде, кыркаларда, мелүүн күндө салкындап жатты. Ак калпакчан, шырылган чапан, бирок атка жабыша минген алп мүчөлүү атчан укуругун сүйрөтүп, колунда камчы, жайлоодогу малын айдап, аркы-терки чапкылап жүрүшөт.

А кышкысын болсо жаа жебесин асынып, найзасын жанга алып, кушун колуна кондуруп, тайганын ээрчитип көз жеткис жайлоодо аң уулап жүрүшөт... Ал эми "Энесай" маданиятындагы балыкчылары болсо себетин жонго асынып, балык сайчу айрысы менен Энесайдын бетиндеги музду көзөп, балык кармашат. Кечте балык кармап кайткан кыргыздар, топ-тобу менен чанага түшүп, муз менен кардын үстүндө куштай сызып, оюн тамаша курганга өтүштү..." Энесайдагы кыргыздар мал-мүлктүү, оокаттуу, бай жашаган, ак сөөктөрү кырлуу, чокчогой учтуу, алтындан зээр баскан калпак кийген. Жоокерлери, эрлери киселүү кур курчанышкан. Эркек, аял дебей бирдей сырга тагынышкан.

Таштык доорунун башталышынан (б.з.ч.) бери жылкынын башы же сөлөкөтү жасалган кичине коло тумарларды тагынышкан. Мунусу - кыргыздардын жылкы жаныбарды башка жандыктардан "Ат - эр жигиттин канаты" деп жанындай көргөндөрүн далилдеп турат. Эр менен аттын кошо көмүлгөнү азыркы күндө археологдор тарабынан далилденип турат. Санжыра боюнча тогуздап мал берип, кыз алуу, куда түшүү, айып тартуу энесайлык кыргыздардын доорунан бери келаткан адеп.

Муну кээде "тогуз-тогуз сыйлык" деп айтышчу экен. Мындай ото кадырлуу учурда - каган алдына барганда, же тегиндер куда-сөөк күткөндө, же чоң олжолуу жеңиштерде элге олжо бөлгөндө колго түшкөн кулдар, күңдөр тартууга кеткен. Айтсак: каганга тартуу алып бара турган болсо, тогуздап - тогуз кыз, тогуз эр, тогуз тон, тогуз бүркүт, тогуз аргымак ж.б. деп отуруп, белек башын санаса жүзгө жеткирген экен. Көчмөн элдер социалдык турмуштун жашоо тажрыйбасын жана жазма тарыхты карасак, башка элдерден мурда эки кабат боз үйдү, шымды, ат жабдыктарын-үзөңгүнү, чынжырлуу жез коңгуроолуу ооздукту, жүгөндү, ээрди, аяк капты, сабаны, чаначты, кара аякты, тулганы, арча бешикти, арабаны, кайкы кылычты, жаанын жебесинин түрлөрүн кыргыздар биринчи пайдаланган. Мунун көбү байыркы көчмөн кыргыздардын энчисине тиешелүү, башкача айтканда "Энесай" маданияты деп койсок да болот.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)