Эмнеге ыйлашты экен

Апендинин аялы тамак жасаса эле же тузу ачуу, же калемпири ачуу - ооз куурулуп кетчү экен. Бир күнү аялы өзү бышырган калемпири ачуу, ысык кесмеден чоң ууртап алып, көзүнөн жаш ыргып-ыргып кетет. - Эмне ыйлап атасың? - деп, Апенди аялын карайт. - Энем ыраматылык ушундай кесмени жакшы көрчү эле, ошону эстеп, жашып кеттим - деп, аялы жооп берет. Аңгыча болбой Апенди өзү чоң ууртап алып, көзүнүн жашына ээ боло албай аарчына баштайт. Анда аялы ичинен табасы канып: - А сага эмне жок, сен эмнеге ыйладың? - дейт. - Сендей кызын мага түртө салып коюп, кете берген ыраматылык энеңдин атын укканда менин да муунум бошой түштү, - дептир Апенди.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)