Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Эмгек

Эмгек — адамдын максаттуу аракети; анын натыйжасында киши табиятты өзгөртүп, жашоо үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт. Э. адамды жараткан жана анын жардамы менен адам баласы бардык жыргалчылыкты түзгөн. Ал акыл Э. жана күч Э-ги болуп бөлүнөт. Техникалык прогресс, оор жана ден соолукка зыян жумуштарды механикалаштыруу жана автоматташтыруу Э. шартын жакшыртууга, кесиптик зыяндуулуктун азайышына, кесип оорусу менен өндүрүштө кырсыкка чалдыгуунун төмөндөшүнө алып келет. Бирок күч Э-нин өтө азайышы кишинин ден соолугуна терс таасирин тийгизет. Акыл Э-и менен күч Э-ин туура айкалыштыруу, дайыма машыгуу жана Э. менен эс алууну туура уюштуруу ишке жөндөмдүүлүктү көп жылдарга сактоого мүмкүндүк берет. Мында Э. адамга кубаныч жана моралдык канааттануу алып келүүгө тийиш. Кызыгып иштөө ишке жөндөмдүүлүктү арттырат.

Э. тартиптүүлүктү, турмуштун белгилүү ритмин түзөт, ошондой эле ден соолуктун жана сергектиктин булагы. Э - тин көнүмүш ыргагы бузулганда көп учурда ишке жөндөмдүүлүк жана эмгек өндүрүмдүүлүк төмөндөйт. Ишке жөндөмдүүлүктүн жогору болушу иштин ыргагына негизделген. Иштин ыргагы бир калыпта болуп, максатка жана организмдин физиологиялык мүмкүнчүлүгүнө ылайык туура тандалууга тийиш. Бир күндүн, жуманын, айдын ичинде иштин бирдей эмес бөлүштүрүлүшү ишке жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт, жыйнаксыздыкка, бат чарчоого дуушарлантат. Гигиеналык шарттар (жарык, желдетүү, ыңгайлуу иш орду, денени туура кармоо) ишке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга көмөк болот.

Ошондой эле эмгек коллективиндеги жагымдуу микроклимат чоң мааниге ээ.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)