Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Эмердженттик эволюция

Эмердженттик эволюция – өнүгүүнүн идеалисттик жана метафизикалык концепциясы. Бул теория сапаттык өзгөрүүлөрдү абсолютташтырып, аны сандык өзгөрүүлөрдөн бөлүп кароого негизделген. Эмердженттик эволюция өнүгүүнүн кыймылга келтирүүчү компоненти катары айрым идеалдык күчтөрдү эсепке алат. Эмердженттик эволюция концепциясы С. Александердин жана англис биологу жана философу К. Моргандын эмгектеринде калыптанган. Бул концепция 20-кылымдын 20-жылдарында пайда болот да, материалисттик диалектикага карашы коюлат. Анын максаты - жаңынын пайда болушун, өнүгүүнүн секирик түрдө өтүшүн идеалисттик планда талкууга салуу болчу. Эмердженттик эволюциянын теоретиктери өзгөрүүнүн процесстерин рационалдуу, логикалык жактан түшүнүп болбой турган акт катары карашкан.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)