Еленин Николай Николаевич (1892, Москва – 1944, ошол эле жер) – ырчы, режиссёр, кыргыз профессионал театр искусствосуна негиз салгандардын бири. Одесса университетинин филология факультетин бүтүргөн, Миланда окуган. 1926-ж. чейин Ташкентте музыкалык театрларда ырчы жана режиссёр катары иштеген. 1926-ж. Фрунзеге келип, кыргыз музыка драма студиясын уюштурган, ага башчы жана көркөм жетекчи болгон. «Молдо Насирдин» комедиясын койгон (1927). Еленин кыргыздын элдик музыкасын жана ырларын жыйнаган. Ал кыргыз искусство кадрларын даярдоодо көп эмгек сиңирген.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер