Электролиттик диссоциация теориясы

Электролиттик диссоциация теориясы — эриген зат иондорго ажыроо закон ченемдүүлүгүн окуткан теория. Аррениус өзүнүн жана башка окумуштуулар тажрыйбалык маалыматтарын жыйынтыктап келип, электролиттик диссоциациянын классикалык теориясын (1883-87-ж.) сунуш кылган. Анын негизги жоболору: 1. Электролиттер мол-ларын эриткичте эриткенде карама-каршы заряддалган иондорго ажырайт, 2. Мол-лар бардыгы тең эле диссоциациялана бербейт. Мол-лар диссоциацияга ажыраган бөлүгү a (диссоциация даражасы). ал эми 1-a ажырабаган бөлүгү десек, бир мол. ажыраганда 5 ион пайда болсо, анда диссоциациянын негизинде бөлүкчөлөр жалпы молярдык концентрациясы 1 = 1+2(5-1) эсе көбөйөт, 1 — Вант-Гофф изотоникалык коэффициентине физ. чо ңдугу боюнча теңдеш, 3. Электролиттик диссоциация процессине AmBn mA++ nB - массалар таасир этүү закону колдонулат: К = С mА С nд /САmВn, - электролиттик диссоциация туруктуулугу. Э. д. т. маңызы электролиттер иондорго ажырашы токтун таасирисиз эле, электролит зат сууда эригенде эриткич мол-ларынын таасири менен иондошкондугун көрсөткөндүгүндө.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)