Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Электр тогунан жана чагылгандан жабыркоо

Үй тиричилигинде, өндүрүштө, айыл чарбасында электр приборлорун билбей же олдоксон урунганда травмага учуроо мүмкүн. Биринчи жардам көрсөтүүдө баарыдан мурда электр тогунун таасирин токтотуу керек. Анткени жабыркаган адам өзү ажыроого кудурети жетпейт. Жардам көрсөтүүчү өзү да коопсуздук эрежесин сактоого тийиш. Ток булагын жандыргыч, пробка, рубильник аркылуу өчүрөт, резина кол кап, өтүк кийип же кургак жыгач менен зымды оолактатуу жана башкалар жол менен жабыркаган адамды ток булагынан ажыратуу зарыл. Дем алып, жүрөк иштеп турса тынч жаткырып, жылуу суюктук ичирип, нашатырь спиртин жыттатат; териси күйгөндө бор вазелинин же суутектин өтө кычкылын сыйпап, таза бинт менен таңуу керек. Дем алуусу, жүрөгүнүн кагышы токтогон учурда (клиникалык өлүм) врач келгенче жүрөккө массаж жасап, жасалма дем алдыруу («ооздон-оозго») керек (Шилтеме: Биринчи жардам). Ошол замат медициналык тез жардам чакырып, ооруканага жеткирүү зарыл.

Электр травмасынан 30—40 мин. өткөндөн кийин уйку келип, башы айланса, жүрөгү тез согуп, деми кыстыгып, тер басса, булчуңдары тартылса, травманын жеңилдигине карабастан врачтын көзөмөлүндө болууга тийиш. Электр травмасынын дагы бир түрү — чагылган тийүү — добул учурунда атмосферанын электр разрядына кабылуу. Чагылган (же электр тогу) тийгенде жабыркаган адамды» жерге көмө койсо, тогу «чыгып кетет» деген — зыяндуу, жаңылыш ишеним. Анткени, организм жерде бат муздап, көкүрөк кысылып, дем алуу менен жүрөктүн иштөөсү начарлап, натыйжалуу биринчи жардам көрсөтүүгө болбой калат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)