Электр кинетикалык кубулуштар

Электр кинетикалык кубулуштар, дисперстик системаларда жана капиллярда байкалат. Негизги Э. к. к. 1) электр-осмос - электр талаасынын таасири менен, капиллярлар тешиктүү – мембраналар жана эң майда бөлүкчөлөр катмары аркылуу суюктуктун өтүшү, 2) электр-осмоско карама-каршы кубулуш. Агым потенциалы – суюктук агып өтүшүнүн негизинде диафрагма – мембрананын карама-каршы беттери ортосунда пайда болгон потенциалдын айырмасы, 3) электрофорез – электр талаасынын таасиринен суюк чөйрөдө калкып жүргөн катуу - коллоиддик бөлүкчөлөр, суюк тамчылар кыймылы, 4) электрофорез кубулушуна карама-каршы кубулуш-чөгүү потенциалы. Ал бөлүкчөлөр кыймылынын негизинде суюктукта пайда болгон потенциалдын айырмасы. Э. к. к. эки фазанын бөлүнгөн чегинде пайда болуучу электр кинетикалык потенциал чоң роль ойнойт. Электр осмос жана электрофорез кубулуштарын 1809-ж. Москва университетинин профессору Ф. Ф. Рейс ачкан. Э. к. к. практикада электр–осмос коллоиддик эритмелер, глицерин, сууну тазалоо, тери иштетүү жана кээ бир материалды боёдо колдонулат. Электрофорез суюктуктагы майда бөлүкчөлөрдү бөлүп алуу, чопону, түтүндү тазалоодо, медицинада кеңири пайдаланылат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)