Элечек

Элечек


Кыргыздын улуттук кийими, тактап айтканда айымдардын баш кийими "элечек" жөнүндө маалымат бере кетели. Анын негизги бөлүктөрү кандай, кантип оролот жана башка ушу сыяктуу маалыматтар. Жалпы жонунан бирдей көрүнгөн менен форуму, ороо ыкмасы боюнча Ысык-Көл, Тянь-Шань, Чуй, Ош, Талас өрөөндөрүнүкү бири-биринен айырмаланган. Төмөндө Ысык-Көлдүн жогору жагы (Жети-Өгүз, Түп тарап) орогон элечектин үлгүсү берилмекчи (өтө көркөмдүгүнө байланыштуу).

1.Эн ичкиси — кеп такыя. Ал ак болотнайдан жасалган башка кийүүчү топу анын төмөнкү жээгинин айланасы — баштын айланасы менен тең бычылат. Иштүүлөр жана колунда барлар эки кулактын ортосун мандай тарабынан жыйырып, бүйүрмө салып, кооздоп коюшкан. Кеп такыянын аркасына, узундугу бел кырчоодон төмөн түшкөн төрт бүктөм узун чүпүрөк — сала коймо бекитилет.

2.Ээк алма, кээде сала коймо деп дагы коюшат. Анын узундугу 1 метр, жазылыгы жарым метр болот. Бир жак кулактан баштап, кеп такыянын төмөнкү кыры менен жүрүп, башты бир ороп, кайра башталган жерине келгенден кийин, ээк алманын учун кымтып, төмөн түшүп, ээктин алды менен өтүп, экинчи кулакты жаап, экинчи учу оромдун арт жагынан кыстарылып бекийт. Мында 2 метрлик кездеме тыкан төрт бүктөлгөн болот.

3.Оромол — элечектин негизги бөлүгү. Ага орто эсеп менен 15 ором болотнай кетет. Эң көбү 20 ором болот да, аны "каз элечек" дешет. Мындай бийик оролгон чон элечектерди байбичелер кийишкен. Ал эми эн азы 10 ором болот да, аны "токол элечек" деп аташат. Мунун биринчи учун дагы бир жак кулак туштан баштап ороп, улам кийинки оромун 3—4 мм ден өйдөлөп алып, муруңку оромдун четин көргөзүп калтырат. Учурунда "элечек" ороо дагы өзүнчө бир чеберчилик өнөр болгон. Ошон үчүн салтанаттуу учурларда түкүнчө келин жакшы оройт деп, кадырлап чакырып келип оротуп алышкан. Анын үстүнө элекчекти күнүгө эле ороп отурушкан эмес, аны бир оротуп алгандан кийин оромун жазбай, тыкаттык менен чечип, текчеге салып коюп сакташкан.

Элечек

4.Жыгым — оромолдун сыртынан оролот. Ал эми бүктөлгөн жазыраак ак жибектен болот. Адегенде оромолдун төбөсүн ичин көздөй бырыштырып кымтып, анын сыртынан төмөнкү изи оромолдун жогорку изи менен бир чийинде жаткыдай кылып, жыгымды эки мертебе оройт да, акыркы учун кулак тушка төөнөч менен бекитет. Ак жибек жок болсо, ак түстүү теги оромолдукунан башка кездемеден да болот.

5.Тарткыч — элечекти бекитүү үчүн колдонулат. Ал жыгымды жыгаар алдында тартылат. Тарткычтын жазылыгы элечектин жыгымынын өйдөнкү жыгылчу чегине жетет да жыгым өңдүү эле оролот, бирок баш-аягы төөнөч менен бекем тепчип коюлат. Тарткычтын бир бөлүгүн, экинчи кулак тарапка жыгып, экинчи жагын биринчисинин үстүн бастыра биринчи кулак тарапка жыгып, тарткычтын четине кымтып коюшат. Илгеркилер жыгымдын астыңкы катмары менен үстүңкү катмарынын ортосуна, сынып калбас үчүн ооз комуз, оймок жана ушуга окшогон майда-чүйдөлөрүн салып коюшкан.

6.Колунда барлар тарткычтын төмөнкү жээгин бойлото кыргак тартынышкан. Ал дагы агыш, бирок кымбат кездемеден жасалып, бети саймаланып, төмөнкү этегине шуру-мончок же металлдан кооздогучтар же тор бекитилген.

7.Кыргакты жаштар тартынган, ал эми карылар анын ордуна бүркөнчүк байланышкан. Ал ак кездемеден кадимки эле жоолук өңдүү даярдалат да оромолдун жогорку кыры боюнча адегенде артка алынып, андан кийин учу кайра асты тарапка кайрылып, бири-бирине кыстарылып бекийт. Бүркөнчүктүн арткы учу болсо өзүнүн оромуна же элечектикине кыстарылып бекитилет.

Азыркы артисттер элечектин сыртынан кара сайма кездемеден тарткыч тартынышат. Бул туура эмес, муну эл арасында "кара салынды" деп атаган жана аны күйөөсү өлгөндөр тартынышкан. Ал ошо кара кийгендиктин белгиси болгон. "Элечек" жөнүндө кошумча-алымча маалыматтар болсо пикир калтырып жазып койгула достор.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)