Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Элечек

ЭлечекЭлечек (Илеки) — «Элечек кийген башыңар, Ийнеликтей кашыңар» (Жоомарттан). Бул — баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар. «Кеп такыя элечек» чечкенде анын кеби бузулбас үчүн астынан кийилет. Кийип-чечүүнү жеңилдеткен элечектин «сала коймосу» (желке жагы) менен «ээк алмайы» болот. Аны жыкканда ага тирек болуучу мунун «астыңкы тартмасы» (бөлүгү) кыска 25—30 см че келет. «Үстүңкү тартмасы» (же жыгымы) элечектин бардык оромун тыкан кармап турат.

Элдик салтта аялдар муну жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык кийишкен. Улгайгандардын элечеги жөнөкөй оролуп, көлөмдүү көрүнөт. Сыртынан чоң ак жоолук менен жабылган. Аза күткөн (же жесир) аял кара бүркөгөн элечек кийген. Ал эми өлгөн кишинин жакын туугандары аны өткөнчө элечектин ээк алмайынын бир жаагын бошотуп да жүргөн. Колуктулар кийген элечектин маңдайы шуруланат. Бул «шуру тартма элечек» деп аталат.

Элечектер кээде күмүш калдыркан, күмүш желбирөөчтөр менен да чебер кооздолуп, укмуштай кыргакталат. Элечек формасы, кооздолушу жана кийилиши, калк арасында таралыш таржымалы боюнча жергиликтүү өзгөчөлүктөргө ээ. «Каз элечек бош таштап, Катарлап төө көч баштап, Кан-Жайлоо көчкө жарашкан» (Жеңижок) — деп элестүү айткандай бул ак болуш зарыл. Ал койкойто мыкты оролуп, чүчтөдөй чакан элечек болот. Сүрп элечекти «сурп элечек» деп атайт. Сурп — жөнөкөй кездеменин бир түрү.

Боёлбогон, агартылбаган жибек кездемени илгери эл «торко» дешчү. Бул элечектин жердигинин милдетин аткарат. Чеберлер театрлардын, филармониялардын артисттери жана өздүк көркөм чыгармачылыгынын ышкыбоз коллективдери мунун жакшынакай үлгүлөрүн сактап, андан ары өнүктүрүүгө зарыл. Зергерлер жана уздар чач кепти жасайт. Аны кеп чач, баш кеп деп аташат. Бул элечектин астынан кийилүүчү баш кийимдин бир түрү. Чач кеп элечектин ички оромун терден-кирден жана чаңдан сактайт. Муну бөтөнчө байбичелер жылуулук үчүн жоолуктун ичинен да кийип жүрүшкөн. Мындай чач кеп көбүнчө кызыл, жашыл, көк, кара манат менен баркыттан жасалган.

Чач кеп маңдайы тегиз, эки жан (каптал) жагынан жаак (кулакчын) түшүрүлүп, артынан (желкесинен) сала коймо (куйрулчук) чыгарылат. Үч кабатталып, башкача айтканда, тышы колдо токулган ак бөздөн тышталып, ичи гүлдүү чыттан астарланат. Ортосуна өрмөктө созулган тасма салынып жасалат. Төбөсү тигилбестен, жип өткөрүп бүрмөлөнгөн же байланган (кездеменин өзүнөн төбө чыгарылган) чач кептин жаактары, маңдайы, сала коймосу сайманын «терс кайык», «илме» («илме дос»), «туура сайма», «басма сайма» деген түрлүрү менен «мүйүз», «ит куйрук», «ийрик», «кыял», «куш канат», «бармак боочу», «кочкерек» өңдүү көркөм оюм-көчөттөр менен кештеленет. Чекесине бермет, шуру, топчу жана башка кооздук тагылып, жылаажын, шамалбак да кадалган. Ал канча белден ылдый карай төгүлүп турган олоң чачты чаңдан жана ар кандай тоскоолдуктардан сактоо эле эмес, кыз-келиндерди артынан караганда шаңдуулук да болуп саналат. «Күмүштөн чачпак соорунда, Күлгөнүң турат оюмда».Муну чач кап деп айтабыз. Кыз-келиндердин (кээде улгайган аялдардын да) аземдик үчүн чачын ачып-жаба тагынган, топ чачпактан чогу бар кооз жасалгасы.

Чачпак үч бөлүктөн турат: Башы (чач байлана турган жагы), ортосу (кутучалар же кутуча кооздуктар асемделип тагылган тарабы) жана учу (чачы же кооз асемдик кадалган жери). Чачпактын жасалышы жана кооздолушу боюнча айлакер зергерлер, кайкач бармак уздар өзүнүн жекече ыкмалары менен көркөмдүктүн жогорку чегине жеткен. Муну жасоодо да жергиликтүү өзгөчөлүктөр байкалат. Чачпактын учу күбөктөлө папиктелет, ал жибектен эшилип, чыйратылган жүн жиптен түймө чачыланат. Илгери 30 метрдей кездеме (стампул) сарпталса, азыр уз. 20 метр ак кездемени алат. Сурп өңдүү, бирок, жука батистей анча жука эмес жеңил жердик элечек үчүн жакшы болот. Азыркы ак кездемелердин аралашмасы бар. Ошондуктан, оор көрүнөт. Буга негизи кебез кездемелери мыкты келет. Мурун кептакыяны кийип, мунун үстүнө элечекти ороодо кептакыянын төбөсүн бууган жерине бир жарым метр керектейт.

Анын бир учун астына карай коюп, кептакыянын эки жаактагы саймасынын үстүндөгү «кулакчыны» деп аталуучу кооздолгон ак кездеменин астын карай астыңкы учун бүктөп, маңдай жаактан ылдый алып келет. Ошол элечектин кулакчыны «түп» деп аталат. Үч метр кездемени артка куйрулчукка кынаптала бүктөп, куйрулчуктун саймасынын жогору жагына жиберилет. Ал «уч» деп аталат. Мында уз кеп такыянын башын (түбүн) бекитип алат. Экинчи, куйрулчуктун саймасын баспагандай кылып, жогору жагынан «түп» кездеменин учу менен жабат. Анда «түп» эки милдетти аткарат: кулакчын жасалат, калган бөлүгү менен «уч» пайда болот. Эки түп үчүн үч метр кездеме керектелет.

Анын бир учу кеп такыянын төбөсүнө байланат. Арты үч бүктөлүп, ичине оролгон калың кебез коюп, кездемени түрүп келип, маңдай жакты көздөй оройт. Калган кездемелерди таптап, бырышын керип (үтүктөп), үстүнө ороп, биринчи учу ийне аркылуу бекитилет. Анын маңдайын таңдайлатып оройт. Ал улам оролот, башкы иймек чоңоюп, астын көздөй ийилип кете берет.

Мында төбөсү менен маңдайга кездеме арбын чыгымдалат. Ошондо элечек артынан алдын карай сүйрү, астына ийилген абалды берет. Аны орогон сайын жылып кетпөөсү үчүн ар бир ором ийне менен учуксуз тепчилет. Мында кеминде 25 ийне керектелет. Оролуп бүткөн элечектин үстүнөн орому чачылып кетпеске артка салмай кыргак менен (1,5—2 эли) өңү кызыл тасма аркылуу бекитилет.

Тактап айтканда, кыргак маңдайдан желкени көздөй элечекти тегерете айлантыла байланат, бир учу маңдайга бекитилет. Элечек кыргагын саймалайт-оймолойт. Мурун күмүш кыргак да болуучу. Манат этегине зер калакчаларын да кадаар эле, кеп такыяга түшкөн көркөм көчөттөр менен зер шөкөттөрү элечектин кооздугуна үндөшө турган. Илгери элечекти дуруя жоолук менен үстүн жапчу. Аны «ала коймо», «сала коймо» деп айтышчу.

Азыр дуруя жоолуктун ордуна ак кездеменин четине кызыл чачы кармайт. Аны үч бүктөп, элечектин үстүнө салып коет. Албетте, уяттуу келиндер үстүңкү «ала коймо», «сала коймо» жоолуктун астыңкы учун бетин карай түшүрүүчү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)