Эл аралык кылмыштар

Эл аралык кылмыштар – Эл аралык укуктун ченемдери менен принциптерин адамзат цивилизациясы үчүн өзгөчө коркунучтуу деңгээлде бузуу. Алардын ичинен иш жүзүндө мамлекеттин кылмыштуу саясатын жүзөгө ашырып жаткан кызмат адамынын кылмыштуу жоругу өзгөчө коркунучтуу болуп саналат. Ал кылмыштар үчүн Эл аралык саясий жана материалдык жоопкерчилик тартуучу булар менен бир катарда, кылмыштуу саясаттын аткаруучулары болушкан мамлекеттин башка жетекчилери, жогорку кызматтагы кишилери жана башкалар анын субъектиси болуп калышат. Э. к-дын тизмеси биринчи жолу 1945-жылы Эл аралык аскер трибуналынын (ЭАТ) уставында жана 1946-жылкы ушуга эле окшош Ыраакы Чыгыш боюнча уставда түзүлгөн. ЭАТтын уставынын 6-статьясында алар үч топко: тынчтыкка каршы кылмыш, аскер кылмыштары, адамгерчиликке каршы кылмыштар болуп бөлүнгөн. Аскер кылмышкерлерине жана адамзатка каршы кылмыштарга карата мөөнөттүн эскиргендигин колдонбоо жөнүндөгү 1968-жылкы конвенцияда биринчи жолу адамзатка каршы кылмыш Э. к-дын өзүнчө (төртүнчү) тобуна бөлүнгөн. Эл аралык укукта аныкталган эрежелерге ылайык Э. к. үчүн жоопкерчилик мамлекеттердин улуттук кылмыш мыйзамдарында да бышыкталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)