Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Эл аралык келишим

Эл аралык келишим – эки же бир нече мамлекеттин же Эл аралык укуктун башка субъекттеринин ортосундагы алардын саясий, экономикалык жана башка чөйрөлөрдөгү өзара укуктарын белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга байланыштуу түзүлгөн келишим. Эл аралык укуктун негизги булагы. Э. к. – келишимдерди, макулдашууларды, пакттарды, трактаттарды, конвенцияларды, декларацияларды, коммюникелерди, протоколдорду ж. б. өзүнө камтыган тектик түшүнүк. Тигил же бул аталыштардын туруктуу белгиленген мааниси жок. Аталыштарына карабастан баардык Э. к. бирдей юридикалык күчкө ээ. Катышуучуларынын санына жараша эки тараптуу жана көп тараптуу (аймактык же универсалдуу) болуп бөлүнөт. Эгер Э. к-ге кызыкдар мамлекеттердин баары катыша алышса, анда ал ачык деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)