Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Экватор

Экватор (equator) – Жер бетинин борбору аркылуу өтүүчү жана Жердин айлануу огуна перпендикуляр болгон элестетилген кесилишүү сызыгы.

Ал Жер шарын Түндүк жана Түштүк жарым шарга бөлөт. Географиялык кеңдикти эсептөөнүн башталышы катары кызмат кылат. Экватордун узундугу 40075696 м.

Экватордук координаталар – асман жарык чыгаруучусунун жантайышы жана саат бурчу (же тик чыгышы).

Экватордук күн сааты – күн сааты жөнөкөй түзүлүштүү түрү. Анын көрсөткүчү Жердин айлануу огуна параллель жайгашат жана дүйнөнүн уюлуна багытталган, ал эми циферблаты бул багытка перпендикуляр болот. Көрсөткүчтөн түшкөн көлөкө циферблатта айлананы сызат. Циферблаттагы цифралар кадимки сааттагыдай эле бирдей аралыкта жайгашат, айырмасы – айлана 12 эмес 24 саатка бөлүнөт.

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек

Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)