Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Экисуу арасы жүрүшү

Экисуу арасы жүрүшү – 1873–76-жылдардагы элдик кыймылды орус колонизаторлору тарабынан басуу мезгилиндеги эң кыргындуу жүрүштөрдүн бири. Нарын менен Карадарыя аралыгындагы Экисуу арасы деп аталган чөлкөмдө болуп өткөн. Жүрүштүн негизги максаты – «тынчы жок көчмөндөрдү кыштоолордо олтурганда тыптыйпыл талкалоо» болуучу. Кышкүрөөдө аткөлүк арып турган чакта көчмөндөр кыштоолорун, мал-мүлкүн таштап, тоолорго качып кетүүсү мүмкүн эмес эле. М. Д. Скобелевдин планы боюнча экспедиция 1875-жылдын 25-декабрынан 1876-жылдын 3-январына чейин аталган чөлкөмдөгү айыл-кыштактарды тыптыйпыл кылып олтуруп, Өзгөнгө чыгууга жана андан кийин Анжиян шаарын талкалоого тийиш болучу. Жүрүшкө катышкан орус аскерлеринин саны 2821 кишини түзгөн. Аёосуз кырып-жоюу, өрттөө жана талап-тоноо менен коштолгон бул жүрүш ашынган ырайымсыздыгы менен белгилүү. Экспедициянын катышуучусу Н. Куропаткин бул жүрүштү күндөлүгүндө мындай деп эскерет: «…биздин алдыбызда жолуккан айыл-кыштактардын баары өрттөлүүгө буйрук берилип, артыбыздан буралган түтүн гана калып олтурду. М. Д. Скобелев артын карап, жалпы көрүнүшкө ыраазы болуп жатты. …жем-чөп алабыз деген шылтоо менен солдаттар колго тийген нерсенин баарын – төшөк-төрдү, килемдерди, алакийиздерди, малды, аттарды, китептерди, жарактуу шаймандарды алып жатышты… Бир кенже офицер жана жоон топ солдат аялдарды зордуктап, балдарын мууздап жаткан жеринен кармалды…». М. Д. Скобелев өзүнүн кылган зулумдук иштери жөнүндө басма сөзгө жарыялабоону суранып, Марьин аттуу журналистке жазган катында: «…менин принцибим мындай: Азиядагы бейкутчулук ал жерде кырылган элдин кесилген башынын санына түздөн-түз байланыштуу. Сокку канчалык катуу болсо, душман ошончолук тынч болот…», – деп жазган. Мындай фактылар Түркстандын тургундарына карата жасалган пландуу геноциддик саясатты айгинелейт.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)