Эйнштейний

Эйнштейний (латын тилинен Einstenium),– Д. И. Менделеев мезгилдик системасы 7-мезгилинин IIIВ группа элементи. К. н. 99, ат. м. 253. Массалык сандары 243Es - 256Es болгон 14 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу болуп 252Es саналат. Э. 1952-ж. америкалык илимпоздор: А. Гиорсо, Г. Хиггенстер жана С. Томсон жана башка окумуштуулар жасалма ыкма менен алышкан да, алынган элемент атын улуу физик Э. атынан аташкан. Э. калифорний, берклий дейтрон же гелий ядросу менен бомбалоодон алынат. Э. – оор металл, балкып эрүү температурасы 860оС, иондошуу потенциалы эВ – 6,5, бирикмелеринде +3 болгон окистенүү даражасын көрсөтөт, Э. Es(OH)3, EsF3 суудагы эритмелери жана комплекстүү бирикмелери белгилүү. Аны ат. реактордо трансурандык элементтер изилдөөдө колдонушат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)