Эйнштейн Альберт (1879-1955)

20-кылымдын башында Ньютондун классикалык механикасы кээ бир жаңы ачылыштарды түшүндүрүп берүүгө алсыз болуп калды. Бир кездерде Ломоносов бардык нерселер атомдордон турарын божомолдоп айткан эле. Бирок атомдор өтө кичине, аларды көрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кээ бир окумуштуулар алардын бар экендигинен күмөн санашкан. Ырас, атомдордун бар экендигин англис ботаниги Р. Броун тарабынан 1827-жылы ачылган броун кыймылы далилдеген. Бирок бул кыймылдын өзү баш аламан жана түшүнүксүз болгон. Эйнштейн мындай күмөн саноолорду жойду.

Ал броун кыймылы белгилүү мыйзамдарга баш ийерин, ал мыйзамдар атомдордун бар экендигин гана далилдебестен, алардын өлчөмдөрүн да аныктоого мүмкүндүк берерин далилдеген. Эйнштейндин биринчи макаласында мына ушул жөнүндө айтылган. Физиктер кабылган башка бир чечиле элек оор маселе жарыктын эки жактуу табиятына байланыштуу эле. Жүргүзүлгөн тажрыйбаларда жарык эки түрдүү болуп көрүндү. Адатта ал толкун сыяктуу болуп көрүнсө, айрым учурларда жарык квант же фотондордун майда бөлүкчөлөрүнөн тургансып көрүнгөн. Эйнштейн муну: жарык кванттары нерсенин бетине түшүп, андан башка өтө майда бөлүкчөлөрдү - электрондорду бөлүп чыгарат деп түшүндүргөн. Бул макала бир нече гана беттен турган. Бирок, ал окумуштууларга жана инженерлерге: кино менен телекөрсөтүүдөн тартып, жарыктын укмуштуу булагы - лазерлерге чейинки не бир ажайып техника укмуштарын жаратуунун жолдорун ачып берген.

Бул макаласы үчүн Эйнштейнге кийинчирээк Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Бирок Эйнштейндин даңкын көбүрөөк чыгарганы үчүнчү макаласы эле. Галилей жана Ньютондун мезгилинен бери эле окумуштууларга жүрүп бара жаткан арабадан алдыга ыргытылган таш артка ыргытылган таштан ылдамыраак учат, анткени биринчи учурда арабанын ылдамдыгы алдыга ыргытылган таштын ылдамдыгына кошулары, ал эми экинчи учурда артка ыргытылганда таштын ылдамдыгы азаяры белгилүү болгон. Жердеги бардык нерселер ушул жөнөкөй мыйзамга баш ийген. Буга жарык гана баш ийген эмес. Жарыктын ылдамдыгын өлчөө үчүн жүргүзүлгөн тажрыйбалар окумуштуулардын астына улам жаңы табышмактарды пайда кылган. Эйнштейндин теориясы (кийинчерээк салыштырмалуулук теориясы деп аталган) чечилбейт делген көптөгөн суроолорго жооп берген. Жарыктын ылдамдыгы ар дайым туруктуу, ал секундасына 300 миң чакырымга барабар.

Бул салыштырмалуулук теориясынын негизги жоболорунун бири эле. Эгерде кандайдыр бир нерсенин ылдамдыгы жарыктын ылдамдыгына жакындаса, бул нерсенин ылдамдыгы Ньютондун мыйзамына эмес, Эйнштейн ачкан мыйзамга баш ийет. Салыштырмалуулук теориясын түшүнүү оңой эмес. Бирок мектеп окуучусу үчүн жадыбал кандай зарыл болсо, азыркы физик үчүн салыштырмалуулук теориясы ошондой зарыл, себеби бул теория илим менен техникада, мисалы, астрофизикада жана заряддалган бөлүкчөлөрдүн зор тездеткичтерин курууда кенири пайдаланылат. Эйнштейндин төртүнчү макаласы үч гана беттен турган. Бирок бул барактар адамзатка атом энергиясына ээ болууга жол ачты. Окумуштуу кийин да көп жылдар бою талыкпай изденип, көптөгөн ачылыштарды жасап, ири ийгиликтерге жетишкен, ар бир жылын тынымсыз көшөрө эмгектенүү менен өткөргөн. Дүйнөнүн бардык жеринде Эйнштейндин достору көп болгон, анткени ал абдан мээрман жана адилет адам эле, Эйнштейн жек көрө да билген. Ал фашизмди жана согушту жек көргөн, өмүр бою тынчтык үчүн күрөшкөн.

Анын өмүрүндөгү эң оор учур, мүмкүн, америкалык учкучтар япон шаарлары Хиросима жана Нагасакиге атом бомбасын таштаганын уккан мүнөт алар болсо керек, себеби Эйнштейндин жана башка физиктердин илимий ачуулары он миңдеген адамдарды өлтүрүү үчүн пайдаланылбадыбы. Эйнштейн америкалык өкмөттүн мындай кадам жасоосуна каршылыгын билдирди. Бирок алар окумуштуунун сөзүн угушкан эмес. Улуу окумуштуунун ойлоп тапкандары, ачылыштары адамдарга өлүм эмес, пайда алып келишин өзү өтө каалаган. Жагымдуу мүмкүнчүлүк - оорчулук жана түйшүктүн арасында жашынып турат.

(А. Эйнштейн)

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)