Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиздер жана койлор

Баш барак | Гороскоп | Эгиздер жана койлор

Кой жылдызынын түз мүнөздүүлүгүнө жана эгиз жылдызынын сезимталдуулугунун аркасында, мындай түгөйлөрдүн айкалышы абдан ийгиликтүү болушу мүмкүн. Мындай союз узакка созулбайт, бирок эки тарапка тең көптөгөн жакшы сезимдерди алып келет. Бири-бирин оңой эле түгөй табышып жана кайра бири-биринен жеңил ажырашат.



Койлор - чечкиндүү жана кайраттуу, эгиздер болсо - шамал мүнөздүү жана туруксуз. Койлор чукул мүнөз, а тугул орой болушу мүмкүн, мындай мүнөз эгиздерде туура кабыл алынбайт. Бул түгөйлөр бактылуу болуш үчүн, бири-биринин мүнөздөрүн түшүнүп, түгөйүнүн кээ бир сапаттарын кечирүү зарыл.



Булардын экөө тең туруксуздукка ийимдүү, экөө тең көңүл ачууну жакшы көрүшөт, ошондуктан булардын мамилелери узак мөөнөткө созулбайт. Койлор менен Эгиздерге күйөө-жолдош түгөйү эмес, тентуш же шериктеш деңгээлинде болуу жайлуураак болот. Мындай биримдикте Койлор менен Эгиздер экөөнө тең жаркын учурларды алып келээрине гана шек болбойт.



Ал эми мүнөздөрдүн сыйымдуулугу болсо - койлор жана эгиздер бири-бирин эң жакшы толуктап турат. Койлор - активдүү ишмерлер, эгиздер - акылдуу уюштуруучу болушат. Бул союздун бекем жана бузулбашы үчүн, койлор ишмердүүлүккө болгон кызыгуусун кичине тыюуу зарыл, ал эми эгиздер койлордун ишсиз отура албагандыгына жана алар биринчи жасап туруп анан ойлонооруна бой сунуу зарыл. Ушундай болушат бул койлор - жана ушул мүнөзү менен эч нерсе кыла албайбыз. Эгиздер койлорду угуп жана анын ойлорунун жана идеяларынын айланасына аралаша билип, туура жыйынтык же тыянак чыгарууга жардам берүү зарыл. Эгиздердин рационалдуулугу - дал ушул мүнөз кыялкеч койлорго эң керектүүсү.



Бул түгөйлөрдүн арасында ар кандай уруш-талаштар да болбой койбойт, бирок ошого карабастан урушканынан табышканы тез болот. Бул түгөйлөрдүн туруктуу активдүүлүгүнө себептүү, бул түгөйлөрдүн достору да көп болот, ал эми үйү толо конок болот. Бул түгөйлөр эс алганга да жетишпейт, анткени алдыда дагы көптөгөн неселерди жасаш керек! Бул түгөйдө эркиндик жана кайнаган энергия көп. Алар жеңил жана санаасыз.



Бирок мындай жеңил ойлук бул түгөйлөргө сүйүү сезимдерин бекемдөөгө жардам бербейт. Койлор да, эгиздер да - абдан эркиндикти жакшы көргөн жандар, ошондуктан бирөө дагы милдет жана күнүмдүк турмуштун оорчулуктары менен баштарын ооруткусу келбейт. Зарыл болсо жардам берүүгө даяр, бирок өз кызыкчылыктарын курмандыкка чалуусун каалайбат.



Койлор зээрикпеш үчүн, Эгиздер дайыма жаңы нерселерди ойлоп таап турусу зарыл. Эгер бул түгөйдүн жумуш жаатында, чыгармачылыкта же үй-бүлөөдө ийгиликтерди алып келип, өсүп өнүгүүгө шарт түзүлүп, мамилелери жигердуу болсо, бул түгөйлөр бирге болушат. Бирок мүмкүнчүлүктөр түгөнөөрү менен - алар бири-бирине кереги жок болуп калат.



Кой менен Эгиздер үй-бүлөөсү бекем болуш үчүн, алардын үйү гармония жана тынчтыктык жерине айланып, эки активдүү жана экспрессивдүү адамдын кайнаган ишмердүүлүгүнөн эс алууга шарт болушу зарыл. Үй бул - күнүмдүк ринг ичиндеги салгылашууга жер эмес, бул - жылуу сезимдердин жери.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 956, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо