Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эгиз мырзалар

Баш барак | Гороскоп | Эгиз мырзалар

Эгиздер белгисинде төрөлгөн мырзалар, өзгөчө, өзүнө гана таандык, кээде башка адамдарга түшүнүксүз ички дүйнөлүк негизге ээ. Аларда эч ким менен бөлүшпөгөн, өзүнө гана таандык өзгөчө ички данеги бар. Өз ой-максаттарында өзгөрмө жана туруксуз, көз ирмемде өзгөрүп, дайыма өзүн таппай, бер нерсеге жетүүгө умтулуп турат.



Эгиз-мырзалар үчүн, кандай көрүнөөрү, эмне кийип турганы эмес, оюнда эмне болуп жатканы, канчалык индивидуалдуулугу жана интеллектуалдуулугу маанилүү. Бир жагынан боз чычкан менен эмес, интеллектуалдык баарлашуучу менен дуэльди каалаган реалист. Дайыма мыктылыктын артынан из сала түшкөн эгиз-мырзалар, шартка ылайык бирнече жолу үйлөнүшөт. Бирок, канчалык өз бийкечи менен кеч үйлөнсө, ошончо көп убакытка бактылуу жашоо сүрүүгө мүмкүндүк болот.



Эгиз-мырзарларынын тынчы жок жаны, өзүнө гана эмес, анын айланасындагы адамдарын, өзгөчө жакын адамдарынын да тынчын алат. Бирок, эгиз-мырзаларынын бул жагын, өзгөртүүгө аракеттенбей, жон гана кабыл алып, ага айкалышууну үйрөнүү зарыл. Бул мырзалардын такыр башка нуктагы экинчи жагы бар экенин да унутпоо абзель, эгиздер эки натуралуу болгонуна байланыштуу, кез-кезде алардын он жана терс жактары көрүнүп турат.



Чоң интеллектуалдыгы менен өзгөчөлөнүп, бул мырзалар, баардыгы кулак түрүп угуучу, өзгөчө сүйлөшүү манерасына ээ. Бул укмуштай ангемелешүүчү курч ойлорго, эң жакшы манераларга толуп, эч ким айта алгыс, мыкты комплименттерди жасай алат.



Бирок, эгиздердин маанай палитрасы, хамелеондун өңүндөй бат алмашып, мүнөзүнүн туруксуздугун унутпоо керек. Алар эмнени ойлоп, эмне менен кыялданып турса, ошонун баарында туруксуз болот. Бирок, бул өзгөрүүлөрдүн баары, жана жакшы нерселерге умутулуусу сокур сезим аркылуу өңүгө берет. Эгиздер жашоо майданында тобокелге салган кадамдарга барган кумар уюнчу десек да болот.



Өзүн жалгыз сезүү менен эгиз-мырзалар сентименталдуу ыйлаактыкка жөндөмдүү, өткөн-кеткенге капаланбай, жалгыздыктын айы ушундай болот. Ошондуктан көп убакытка өзү жалгыз калганды жактырбайт, бирок, ошентсе да, өзү менен өзү болууга, ага барыбир бир нече убакыт керек.



Ал эми финансы жагы болсо, ойлору кандай бат-бат алмашып турса, акчага да мамилеси бат-бат алмашып турат. Айрыкча, эгиз-мырзалар колдонуп жана коротконду жакшы көрүп, акча сактаганды билишпейт. Жаңы идеяларды жаратып, аларды ишке ашыруу менен, эгиз-мырзалар өз акылын көрсөтөт.



Эгиз-мырзалардан өзгөчө бир кызгануу сезимдерин издебей эле койсо болот. Ал өзүмчүл жана ханжа эмес. Ички дүйнөсүнүн эң терен жагында бираз кызгануу болсо да, күмөн жана шек саноолордон алыс болуп, ал жөнүндө ойлобогонго жана бир тамчы кызганычты да көрсөтпөгөнгө аракет кылат.



Ал эми чыныгы мырзалык сапаттарына кайрылсак, анын сүйгөнүнө башкаларга кызганбай эле койсо болот десек ашык болбос. Эгиздердин айланасында ар кандай ушак сөздөр көп болот, анткени ал коомдо кызыгууну жаратып, аялдарды өзүнө тартып турат. Бирок ал, чындыгында сүйүп турганда, эч качан аша чаппайт. Бирок өзүнө-өзү ишенбестик аны ичинен кыйратып, депрессияга алып келет.



Эгиз-мырзалар үй-бүлөөдө жакшы ата болушат. Балдарына жакшы жандос жана шериктеш болуп, балдарын эч качан катуу тартипте кармабайт. Тескерисинче балдарын көп эркелетип, анын баары келечекте өзүнө кайра терс таасирин тийгизет. Кээде ал өз сөз берүүсүн кармабай, көп учурда сөзгө турбайт.



Бул зодиак белгисинде төрөлгөн мырзалар башка адамдарга карганда, терең сезип, коруп жана угушат. Ал айланасындагылардын баарына абдан баамчыл жана таасирлүү. Жерге тушуп фундамент тургузуу унутуп, алар көп учурда сүйүү үчүн абадагы ак сарайларды курушат.

Жайгаштыруу: 2016-05-21, Көрүүлөр: 1321, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2017-06-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо