Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Египеттиктер

Египеттиктер – 1) Египет калкы, 2) улут, Египеттин негизги калкы (египеттик арабдар). Араб өлкөлөрүндө, Ирак, Судан, Ливия, Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери, Германия, Австралия, АКШда да жашашат. Саны 62 млн киши, анын ичинде Египетте 58,5 млндой (2007). Араб тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сунниттер. Этностук өзөгүн копттор түзгөн. 7-кылымда Египетти арабдар басып алып, жергиликтүү копт, берберлер менен аралашкан. Негизги кесиби – дыйканчылык, мал чарбачылык. Карапа, темир, жыгач, тери (крокодил териси) иштетүү, зергерчилик өнүккөн. Египеттиктер маданияты боюнча арабдарга жакын. Шаардыктар кыштан жана таштан салынган жер ортолук деңиз тибиндеги эки кабат, кедейлери дубалы топурактан согулган үйлөрдө жашашкан. Эркектер кенен ыштан, жеңдүү ак көйнөк, кышкысын судейри (жамынуучу жеңсиз сырт кийим), куфтан (жеңдүү узун чапан), башына топу кийип же селде оронушат. Аялдар кенен ыштан, кофта же жеңдүү кенен кара көйнөк кийип, белине кездеме белбоо курчанып, шалы жоолук жамынышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)