Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Эгембердиева Аида (Айгүл)

Эгембердиева Аида (Айгүл) – акын. Түп районунун Токтоян айылында 1975-жылы 3-апрелде туулган. 1992-жылы Бишкек шаарындагы №5 гимназия мектебин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1998-жылы анын магистратурасын бүтүргөн. «Ата журт» коомдук-саясий гезитинде, музыкалык «Кербез» журналында кабарчы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасына тапшырып, академиядагы Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борборунда кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер болуп иштөө менен, илимий диссертациясын 2001-жылы «Турар Кожомбердиевдин поэтикалык чеберчилиги» деген темада коргогон. Филология илимдеринин кандидаты. Учурда «Кыргыз кыздар поэзиясынын өнүгүү маселелери» деген темада докторлук изилдөөсүн жүргүзүүдө.

2006-жылдан бери «Айгине» маданий-изилдөө борборунда улук илимий кызматкер болуп иштейт. Кыргыз, англис тилдеринде жарык көргөн «Кыргызстандагы мазар басуу: Талас тажрыйбасынын негизинде» (2007) аттуу изилдөө китебинин, мектеп окуучуларына арналган «Мурас таануу» (2008) окуу куралынын, «Ысык-Көлдөгү ыйык жерлер баяны: касиет, зыярат, өнөр» (2009) изилдөө китебинин түзүүчүлөрүнүн бири.

2007-жылдан Бишкек ПЕН-клубунун мүчөсү. 2007-жылдын август айында Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында болуп өткөн «Борбордук Азиядагы акын кыздардын чогулушуна» катышып, кыргыз кыздарынын поэзиясы тууралуу өз изилдөөсүн сунуштаган жана чогулушка арналып атайын фин жана англис тилдеринде жарык көргөн китептерге ырлары жарыяланган.

Марина Цветаева, Белла Ахмадулина жана Франц Кафканын, азербайжан акын-жазуучулары Фикрет Годжа менен Рашад Меджиддин чыгармаларын кыргызчага которгон.

«Ала-Тоо – 97» фестивалынын жана 2003-жылы Кыргыз Өкмөтүнүн Жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон.

1997-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Издеткен жарык: Ырлар. – Каракол, 1996 – 51 б.

Шүүдүрүм: Ырлар. – Б.: Сорос-Кыргызстан фонду, 1998. – 40 б.

Турар – көрөңгөлүү акын. – Б.: Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук бор-бору, 2000. – 175 б.

Белгисиз жомок: Ырлар. – Б.: Текник, 2002 – 138 б.

Манасчы жана мезгил: Изилдөө – Б., 2005 – 104 б.

Үнсүз кайрыктар: Ырлар. – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. – 79 б.

Жылдар үнү: Изилдөөлөр, ойлор, байкоолор. – Б., 2006 – 72 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)