Эбуллиоскопия

Эбуллиоскопия (латын тилинен ebullio – кайноо жана гр. skopeo – карайм, байкоо жүргүзөм) – таза эриткичтерге караганда эритменин кайноо темп-расынын жогорулашын өлчөөгө негизделген физ.-хим. метод. Рауль законуна ылайык суюлтулган эритменин кайноо темп-расынын жогорулашы анын конц. түз пропорциалаш. DtК = Э·Смолялдык (Эбуллиоскопиялык туруктуулук, С – эриген зат молялдык концентрациясы). Электролиттер эритмелери үчүн DtК = iЭС, мында 1 - изотоникалык коэффициент 1 = (n – 1)/a + 1 барабар a – диссоциация даражасы, n - электролит мол-сынын ионго бөлүнгөн саны). Э. методу эриген зат мол. массасын, эриткич жана эриген зат термодинамикалык активдүүлүгүн, күчсүз электролиттер диссоциация даражасын аныктоо үчүн колдонулат. Э. колдонууда анын чоңдугун өтө так аныктоо керек, себеби эритмелер өтө ысып кетсе жана эриткич буулануусунун натыйжасында эритменин концентрациясы өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан Э. криоскопияга караганда азыраак колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)