Дыренкова Надежда Петровна

Дыренкова Надежда Петровна (1899-1941жж.), атактуу этнограф, фольклорчу жана лингвист катары таанымал окумуштуу. Сибирдин, өзгөчө Түштүк Сибирдин түрк тилдүү элдеринин этнографиясы, фольклору, тилдери боюнча дүйнөлүк аты бар окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты. Н. П. Дыренкова 1899-ж. Новгород уездине караштуу Сосинка айылында туулган. 1941-ж. 28-октябрда Ленинградда блокадада курман болгон. Н. П. Дыренкова Л. Я. Штернберг, В. Г. Богораздар негиздеген этнографтардын ленинграддык мектебинин өкүлү. Ал жерден өз убагында С. М. Абрамзон, Г. М. Васильевич, С. В. Иванов, Л. П. Потапов, Н. В. Кисляков, Г. Н. Чернецов ж. б. тарых-этнография бөлүмүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрү болушкан. 1935-ж. илимдин кандидаттык диссертациясын коргогондон соң, Ленинград Мамлекеттик университетинин доценти болуп эмгектенген. Түрк тилдүү элдердин тилдери жана маданияттары боюнча адис катары калыптанган. Түштүк Сибирди, Орто Азияны, анын ичинде Кыргызстанда илимий экспедицияларга катышкан. Кыргызстанда Ак Талаа, Ат Башы ж. б. аймактарда болгон, анын натыйжасында кыргыздар боюнча этнографиялык эмгектерди жазган (караңыз: "Брак, термины родства и психические запреты у кыргызов". // Сборник этнографических материалов. / Под ред. В. Г. Богораз-Тана. – № 2. – Л., 1927. – С. 7 – 25.) МАЭде (Антропология жана Этнография Музейи, мурдагы Кунсткамера) улук илимий кызматкер катары да иштеген. Н. П. Дыренкованын көз карашынын калыптануусуна С. Е. Малов, А. Н. Самойлович, Ф. Боас ж. б. илимпоздор таасир беришкен. Шор, хакас, ойрот (алтай) тилдеринин грамматикасы, шаманчылык дини боюнча бир катар эмгектерди жарыкка чыгарган. Алтай элдеринин салттуу көз караштарын жана социалдык тутумдарын, шорлордун фольклордук чыгармаларынын биринчи корпусун иштеп чыккан. Өз учурунда Туваны, Хакасияны, Тоолуу Алтайды, Кыргызстандан талаа материалдарын жыйнаган, жергиликтүү калктардын тилин, каада-салттарын үйрөнгөн. Профессор Н. Н. Поппе Н. П. Дыренкованы эң атактуу 29 түркологдордун катарына киргизген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)