ДСУга Кыргызстандын мүчөлүгү (ВТО)

Кыргызстандын ВТО же ДСУга киришинин негизги максаты тышкы сооданы либералдаштыруу, анын көлөмүн көбөйтүү, республиканын экономикалык өнүгүүсүн турукташтыруу болгон. Тышкы соода саясатын либералдаштырууга жетишүүнүн эң чон мааниси болуп экономиканын ачык-айкын өсүшү саналат. Бул көрсөткүч бир жагынан биргелешкен ишкердиктин ар кандай формаларын активдүү пайдаланууну, тышкы соодадагы мамлекеттик монополияны жоюуну (көпчүлүк позициялар боюнча), эмгекти эл аралык бөлүштүрүүдө өлкөнүн салыштырмалуу артыкчылыктарынын принцибин натыйжалуу пайдаланууну болжолдойт.

Кыргызстан өзүнүн товарлары үчүн кыйла ынгайлуулук шарттарын ээ болду, мында биздин товарлар кандайдыр бир басмырлоочу тоскоолдуктарсыз ДСУга мүчө болгон 142 өлкөгө киргизилет. Бул көп сандаган эки тараптуу келишимдерге кол коюу зарылдыгынан бошотот, республикага көмүскө жана сыйымдуу эл аралык базарларды сунуштайт, анткени ДСУга мүчөлүк анын башка катышуучуларынын таламдарына зыян келтирүүчү чектөө чараларсыз мүчө өлкөлөрүнүн бардыгына ушул уюмдун тартибин жана эрежелерин сактоону кепилдикке алат. Мындан тышкары экономикасы чакан, өнүгүп бараткан өлкө катары республика айрым товарлар боюнча тарифтерди жеңилдетүүгө өнүккөн өлкөлөрдөн бир катар артыкчылыктарды ала алышат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)